Мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасы көмүрдүн баасын негизсиз жогорулаткан айдоочуларды “кара тизмеге” киргизерин билдирди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Кара-Кече кенинен көмүр ташыган бардык айдоочуларга расмий эскертүү жөнөтүлгөн. Эгерде айдоочу Монополияга каршы кызмат бекиткен баадан жогору баа койсо, анын аты “кара тизмеге” киргизилип, кендин аймагына кайра кирүүсүнө тыюу салынат.
Учурда Кара-Кече кенинде көмүрдүн бир тоннасы 2 миң 460 сомдон сатылууда. Бишкек шаарында анын эң жогорку чектик баасы 6 миң 600 сомдон ашпоого тийиш.
Компания белгилегендей, көмүрдүн баасын атайылап көтөрүү мыйзам бузуу болуп эсептелет жана ага тиешелүү чаралар көрүлөт.