Милиция жана Аскер прокуратурасы армияда аскерлерге бөлүнгөн азык-түлүктөрдүн уурдалышы боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, аскер бөлүктөрүнүн биринде азык-түлүк кампасынын жетекчиси – прапорщик узак убакыт бою аскерлер үчүн бөлүнгөн азыктарды жеке пайдасына колдонуп келген. Ал кампадагы колбаса, макарон, күрүч, кант, туз, май жана башка товарларды жашыруун түрдө чыгарып, базарда арзан баада сатып жүргөнү аныкталды. Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө прапорщик кезектеги мыйзамсыз сатууну жасоого аракет кылып жаткан учурда кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. Тергөөнүн жүрүшүндө башка кызмат адамдарынын да бул кылмышка тиешеси бар-жогу аныкталууда.
Эске салсак, соңку айларда күч түзүмдөрүндө материалдык каражаттардын уурдалышы боюнча бир катар фактылар катталган. Милиция мындай иштерге “мамлекеттик жана аскердик тартипке доо кетирген олуттуу мыйзам бузуу” катары баа берип, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.