30-октябрда, саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыздарды кабыл алуу токтотулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева ЖМКларга билдирди. Анын айтымында, 29-октябрга карата жалпы 532 адам депутат болуу ниетин билдирген. Алардын ичинен 340 жаран эркек, 192 жаран аял. 29-октябрга карата 129 талапкер расмий каттоодон өттү: 80 эркек жана 49 аял. 7 жаранды БШК талапкер кылып каттоодон баш тартты, 14 киши өз ыктыяры менен арыздарын кайтарып алды.
Баш тартуунун негизги себептери – жарандын соттуулугу, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги, акыркы 5 жыл ичинде Кыргызстанда туруктуу жашабаганы, диний ишмердүүлүгү болду. Жупуеванын айтымында, талапкерлерди каттоо процесси 9-ноябрда жыйынтыкталып, 10-ноябрдан тарта үгүт кампаниясы башталат. Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Бул жолу шайлоодо мыйзамда жазылган 300 миң сом суммасында күрөө коюу, 1000 үгүтчү жалдоо деген нормалар көптөрдүн нааразычылыгын жаратты. “Байлардын гана депутат болушуна жол ачылды” деген нааразы пикирлер арбын.