Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылында инкассаторду тоноого аракет кылган деп төрт киши кармалды. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөр инкассатор кызматкеринин бетине көз ачыштыра турган суюктук чачып, эки баштыкты алып качышкан. Бирок адашып башка баштыктарды алып кетишип, акча салынган баштыктар унаада калган. Бул окуя интернет желесинде талкууга түштү. “Жадакалса уурулук кылыш үчүн да акыл керек” деген пикирлер жазылып, шектүүлөрдүн жоругу күлкү жаратты.
Милиция шектүүлөрдү кармап, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта бул кылмышка башка адамдардын катышы бар-жогу иликтенүүдө.