Президент Садыр Жапаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын калкты электр энергиясына болгон “Чексиз” тарифке өтүү чакырыгын сындады.
Жапаров электр кубаты тартыш болуп жаткан азыркы учурда мындай демилгелерге жол берилбеши керектигин, бул коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан бул тарифти колдонууну тез арада токтотууну жана кышында элге электр кубатын адилеттүү жана бирдей жеткирүүнү тапшырды.
Буга чейин “Улуттук электр тармактары” ишканасы эртең менен жана кечинде электр энергиясынын кубаты 5 киловаттан 3 киловаттка чейин азайтыларын билдирген эле. Тагыраагы, саат 07:00дөн 09:00гө жана 18:00дөн 21:00гө чейин көмөк чордондорго күч келип жатканын, авариялардын алдын алуу үчүн кубаттуулук азайтыларын билдирген. Мындан кийин ишкана эгер электр энергиясы жетишсиз болуп жатса, анда эл “Чексиз” тарифине өтүшү керектигин маалымдаган эле. “Чексиз” тарифи – электр жарыгын каалаганча пайдаланууга жол берет. Тариф 2022-жылы өкмөттүн токтому менен киргизилген, баасы 1 киловатт-саат үчүн 5 сом 4 тыйын болчу. 2023-жылы тариф 3 сом 28 тыйынга түшкөн. 2025-жылы 1-майдан тарта светтин баасы кымбаттап, “Чексиз” тарифи кайра 3 сом 81 тыйын болгон.