Куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда байланыш менен интернетти өчүрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
УКМК согуштарда телефондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын негиз кылууда.
– Санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшү коркунучтардын өсүшү менен коштолууда. Кылмыштуу топтор санарип технологияларын жигердүү колдонууда: коммуникацияларды, кылмыштуу иш-аракеттерди аралыктан башкаруу, трансулуттук кылмыштуу тармактарды, киберчабуулдарды, экстремизмди, мыйзамсыз сатуу жана кибертыңчылыкты координациялоону чүмбөттөө үчүн,- деп айтылат документтин негиздемесинде.
Мыйзам долбоорунда байланыш операторлорун сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо маалында программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого, маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүүгө милдеттендирүү да каралууда.
Деген менен атайын кызмат мындай чара массалык түрдө же өзүм билемдик менен колдонулбасын белгилейт. Аталган мыйзам улуттук коопсуздукту, өлкөнүн коргонуусун же коомдук тартипти бузууга колдонулган түзүлүштөрдү алдын алуу үчүн гана иштелип чыккан.