Жакынкы күндөрү Кыргызстанда чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.
Бул багытта 1-октябрга чейин мөөнөт белгиленип, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унааларга 10-аймактык мамлекеттик кыргыз номурларын алуу талабы коюлган. Кыргыз номурларын өз убагында албаган чет өлкөлүк унаалар тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же жок кылынышы керектиги эскертилген.
Ошондуктан чет өлкөлүк номур менен жүргөн айдоочуларга карата жакынкы күндөрү ири масштабдагы рейддик иш-чаралар өткөрүлөрү эскертилди. Рейд учурунда аныкталган чет өлкөлүк номурлуу унаалар айып короо жайына токтотулуп, андан ары чыгарылбай, жок кылынары маалымдалды.