Кыргызстанда мыйзамсыз жол менен менчиктештирилген мүлктөрдү сот чечими чыга электе эле конфискациялоо сунушталууда. Башкы прокуратура демилгелеген документ коомдук талкууга чыгарылды.
Прокуратура жарандар мүлкүн жакындарына же башка эле адамдардын атына жаздырып коюп, өздөрү жашырынган, күбөлөргө басым жасаган, далилдерди жок кылган же каза болуп калган фактылар бар экенин белгилейт.
“Соттун чечимине байланган азыркы конфискация системи андай активдерди тартып алууга жол бербейт. Бул мыйзамсыз кирешелерди кайтарууга тоскоолдук жаратып, укук коргоо системине ишенимди азайтууда”,- деп айтылат документтин негиздеме-маалым катында.
Башкы прокуратура мындай тажрыйба Казакстанда, Австралияда, Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдө бар экенин жана мындай жол менен мүлктү конфискациялоо өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөнүн мисал келтирет. Казакстанда 2022-жылдан бери 3 миллиард долларлык актив кайтарылганы, мунун ичинде мурда конфискациялоо мүмкүн болбогон мүлктөр да бар экени айтылат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүүнү жана сот чечимине чейин конфискациялоо жөнүндө өзүнчө өндүрүш түзүүнү карайт.