Никотин суюктугу бар электрондук тамекини өлкөгө ташып киргизүүгө 6 айга тыюу салуу сунушталууда. Тагыраагы, учурда күчүндө турган тыюуну дагы 6 айга узартуу каралууда. Өкмөттүн тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Анда ЕАЭБ ТЭИ ТН 2404 12 000 0 кодуна ылайык классификацияланган бир корпуста никотин суюктугу бар электрондук тамекилерге, никотин берүү системдерине жана аларды колдонуу үчүн арналган картридждердеги, резервуарлардагы жана башка идиштердеги никотинди камтыган суюктуктарга тыюу салуу каралган.
– Тажрыйба көрсөткөндөй, акыркы жылдары өлкөдө никотинди жеткирүүнүн жаңы түрлөрүн, мисалы, никотин суюктуктарын камтыган электрондук тамекилерди импорттоо жана таратуу тездик менен өсүүдө. Айрыкча тынчсызданууну туудурган нерсе, бул азыктар жаштар арасында активдүү таркатылып, эрте көз карандылыкты жаратып, жаңы муундун ден соолугуна коркунуч туудурууда,- деп айтылат токтом долбоорунун негиздеме-маалым катында.
Белгилей кетсек, быйыл 1-июлдан баштап өлкөдө электрондук чылымды колдонууга жана сатууга тыюу салынган. Чеккендерге 10 миң сом, саткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми ташып келгендерге 100-120 миң сом айып каралса, өзгөчө ири өлчөмдө ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып пул салынат.