Билим берүү мекемелеринде электр жарыгын үнөмдөө чаралары көрүлүүдө. Агартуу министрлиги 12-ноябрда билдиргендей, мындай чара өкмөттүн 2025-жылдын 5-ноябрында чыккан “Электр энергиясынын дефицитин азайтуу чаралары жөнүндө” токтомунун негизинде киргизилип жатат. Мындан ары окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөндө) 60 мүнөттүн ичинде, классты тазалоо ишин эске алуу менен, электр жарыгы өчүрүлүүгө тийиш. Мындай чектөө имараттын ишке жарактуулугун камсыздаган жабдыктардын жана инженердик системдин ишине тиешелүү эмес. Ошондой эле мындай талап окугандардын жашоосун камсыздаган мекемелерге, анын ичинде жатаканаларга колдонулбайт.
Агартуу министрлиги мектептерде сабактар кыскартылбай турганын кошумчалайт.
Азыркы учурда өлкөдө электр жарыгын үнөмдөө зарылдыгы жаралууда. Буга Токтогул суу сактагычындагы суунун жылдагыдан аз топтолгону себеп катары айтылууда. Учурда үнөмдөө ишинин алкагында бир топ айылдарда көчө жарыктары да өчүрүлүп жатат.