Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан бүгүнкү күндө уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздай алат. Ал эми тоок эти квота боюнча импорттолууда. 2025-жылы 58 миң тонна, 2026-жылы 48 миң тонна тоок этин импорттоо күтүлүүдө.
Жакында эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдүн мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
Бул чечим эт рыногундагы баанын кескин өсүшүнө жана алып-сатарлык көрүнүштөргө жол бербөө, ички рыноктогу абалды турукташтыруу жана калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн эттин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынды.
Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин айтымында, дүйнөлүк жана ички инфляциянын жогорку деңгээлине байланыштуу бааны туруктуу кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Мындан тышкары тирүү малдын экспорту токтотулуп, ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт сунушталышын камсыздоо чаралары да көрүлүүдө.