Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Акыркы тизмеде 4 294 243 шайлоочу бар, анын ичинен: эркектер – 2 081 514 же жалпы шайлоочулардын 48,47 пайызы. Аялдар – 2 212 729 же 51,52 пайызы. Жаш курагы боюнча: 18 жаштагылар – 104 693 же 2,44 пайыз, 19-35 жаштагылар – 1 707 851 же 39,77 пайыз. 36-45 жаштагылар – 923 975 же 21,52 пайыз. 46-55 жаштагылар – 650 851 же 15,16 пайыз. 56-65 жаштагылар – 528 771 же 12,31 пайыз. 66 жаштан жогоркулар – 378 102 же 8,80 пайыз.
Айта кетсек, шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен, шайлоо участкасына барып, tizme.gov.kg сайтынан же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.