Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алуу мүмкүн. Бул тууралуу 25-ноябрда Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордо президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
– Кыргызстандын улуттук үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн эми кезек күтпөй, онлайн “Түндүк” тиркемеси аркылуу алсаңыз болот. Баары жеңил, ыкчам жана ыңгайлуу. Жалпы алмаштыруу процесси 1 мүнөттү гана талап кылат. Бара-бара заман талабына ылайык бардык тейлөө системдери онлайнга өтөт. Онлайн алмаштыруу үчүн 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала тиркемеге жүктөлүшү керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт,- деди Туманбаев.
Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер эч кандай адамдардын катышуусу жок жасалма интеллект аркылуу өткөрүлө турганын айтты. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр лазердик гравировка жолу менен персоналдаштырылат жана ар бир карта өзгөчө коргоо деңгээлине ээ болуп, жасалма документтерден коргойт.