Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жарандардын конституциялык укуктарын так сактоого чакырды. Ар бир жаран мамлекеттик органдарга кайрылууга жана өз убагында жооп алууга укуктуу экенин эскертет.
Акыйкатчы институтуна Ысык-Көлдүн Темировка айылынын 20 жаштагы тургуну кайрылган. Арызда белгиленгендей, анын 24 жаштагы жолдошу “Улуттук электр тармактарынын” Ысык-Көл облусундагы филиалында электромонтёр болуп иштеген. 2025-жылдын 20-майында дем алыш күнү жумушка чакырылып, Григорьевка аймагындагы жабыркаган электр линияларын калыбына келтирүүгө барып, ток уруп каза тапкан. Арыз ээсинин айтымында, Ысык-Көл РИИБинин тергөөчүсү тергөөнү жүргүзбөй, 27-июлда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган, бирок үй-бүлөгө кабарлаган эмес. Акыйкатчы институту арыздануучуга укуктук кеңеш бергени айтылды. Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартууну негизсиз деп таап, материалдарды кошумча текшерүүгө жөнөттү.