Улуттук банк акча которууларда комиссиялык төлөм алууга салынган тыюуну узартканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган токтом боюнча, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына өлкө ичинде акча которуулар үчүн кардарлардан комиссиялык төлөм алууга тыюу салынат.
Ошондой эле Кыргызстанда эл аралык акча которуу системдери аркылуу акча алууда да комиссия алууга тыюу салынды. Улуттук банк комиссиялар жөнүндө иштеп жаткан мурунку нормалардын жаңы токтомго каршы келбеген бөлүгү гана колдонуларын белгиледи.
Эске салсак, Улуттук банк 2024-жылдын ноябрь айында банктардын мобилдик тиркемеси, төлөм системдери жана интернет-банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу 2025-жылдын аягына чейин токтотулганын билдирген эле. Бул өлкө ичинде улуттук валютадагы которууларга тийиштүү.