Өкмөт айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсүн бекитти. Бул тууралуу 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
– Жаңы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктүн сүрөттөлүшү жана үлгүсү бекитилди. 2019-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүктү берүү бул айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт,- деп айтылат маалыматта.
Жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн узундугу 8,5 сантиметр, туурасы 5,4 сантиметрди түзөт. Ал эми калыңдыгы 0,76 миллиметр болору айтылды.
Жол кырсыктарынын көбөйүшү өлкөдөгү автомектептердин, айдоочулук күбөлүк берүүчү мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Буга чейин жеке менчик автомектептерди жоюп, бул ишти толугу менен мамлекеттин колуна өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Андан тышкары 2026-жылдан тарта эски айдоочулук күбөлүктөр жаңысына алмаштырылууга тийиш. Алмаштыруу акысыз, экзамендер талап кылынбай турганы айтылган. Ошондой эле күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн форматта алууга мүмкүн. Жаңы күбөлүктөр деле мурдагыдай 10 жылдык мөөнөткө берилет.