|
Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ-2026№1202
ЧЫЧКАН (1936, 1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020). Шыктануу, тобокелдик жылы. Жылкы жылы сизге ойлонууга убакыт бербейт. Жалкоолукту, наалып отурууну, өзүн-өзү алдоону да кечирбейт. Шыктанып, тобокелдикке салып, чечкиндүү түрдө аракет кылсаңыз гана ийгиликтерге жетесиз. Каржы. Оңой акча табууну убада кылган кооптуу инвестиция, авантюрадан баш тартыңыз. Ойлонулбаган сатып алууларды жыйыштырсаңыз, бир топ каражат топтоого жетишесиз. Кошумча акча табуу булактарын караштырыңыз. Карьера. Чычкандардын сактыгы Жылкынын ылдамдыгы менен кагылыша тургандыктан “Карьерадан жогорулагың келеби? Анда чечкиндүү бол!” деген белги берилет. Иште, иш графигинде, чөйрөңүздө өзгөрүүлөр болот, баарына даяр туруңуз. Сүйүү, мамиле. Бойдоктор убакытты текке кетирбей, жакпаган адамынан мамилени үзүшкөнү туура. Жаңы таанышынан көптү күтпөй, ага өзүн ар тараптан көрсөтүүсүнө убакыт берүүлөрү керек. Жубайлар ортосунда ачык диалог, көңүл буруучулук болсо мамилелер бекем болмокчу. Ден соолук. Стресстен оолак болуп, ашказан, боор ооруларына чалдыгып калбоого аракет кылыңыз. УЙ (1937, 1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021) Бат реакцияны талап кылган учур. Уйлар адатынча узакка ойлонуп, баарын таразалап отургуча бир келген мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетиши ыктымал. Амбицияңызды ойготуңуз. Тубаса күчүңүз жана өжөрлүгүңүз тоону томкорууга жол ачат. Болгону ылдамдыкты көбөйтүп, чечкиндүү болуу кажет. Каржы. Акчаны таап жана сактап гана тим болбостон, аны көбөйтүү үчүн бизнес ачуу сунушталат. Карыздарды убагында төлөбөсөңүз, кийин үстөгү менен төлөөгө туура келет. Карьера. Жаңырган жыл иш ордуңузду алмаштырууга, милдеттериңиздин форматын өзгөртүүгө, жаңы шарттарга ыңгайлашууга аргасыз кылат. Башталган иштерди аягына натыйжалуу чыгаруу, киреше алып келчү идеяларды көтөрүп чыгуу карьералык өсүүнү камсыздайт. Сүйүү, мамиле. Жубайларда, сүйүшкөн жуптарда бул жыл мамилелерде жаңыланууну талап кылат. Чогуу саякаттоону, сюрприз тартуулап турууну ойлонуңуз. Бойдоктор жаккан адамы менен таанышуу үчүн идеалдуу учурду күтпөй эле таанышып, жолугушуу уюштурушканы оң. Ден соолук. Өнөкөт оорулардын курчуп кетпешине, ашказан-ичеги ооруларынын жаралбашына кам көрүңүз. Туура тамактанууга өтүңүз. ЖОЛБОРС (1938, 1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022) Жылдын энергиясы өзүңүздү көрсөтүүгө түртөт. Жолборс – Жылкы жактырган жаныбар. Оттуу жылдын энергиясы сизге дараметиңизди толук ачып, өзүңүздүн ким экениңизди көрсөтүүгө, буга чейин жүрөксүп келген иштерге кооптонбой киришүүңүзгө жардам берет. Каржы. Амбициялуу кадамдардын убактысы. Кызматтан көтөрүлүүгө, жеке иштерди өнүктүрүүгө, так, даана ойлонулган идеяларга киришүүгө умтулуңуз. Башталып, бирок бүтпөгөн иштер менен алаксып аз тапкыча, келечектүү чоң долбоорлорго киришүү туура. Карьера. Жогорку кызмат үчүн пайда алып келчү идеяларды сунуштап, жакшы иштеп, чечкиндүү алдыга жылып, анан керектүү учурда жолборс секирик жасасаңыз, оң жыйынтыкка жетесиз. Сүйүү, мамиле. Ышкыбоздук, эмоция, сезимдердин гүлдөө убактысы. Жүрөгүнүн ээси бар бойдоктордун мамилелери бекемделет. Сүйүүсүн таба электерге кокустан болгон жолугушуу, таанышуулар пайда алып келет. Ден соолук. Тери жана инфекциялык оорулардан сактануу, ооруп калган учурда дароо дарылануу зарыл. КОЁН (1939, 1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011, 2023) Энергияны туура колдонгон пайдалуу. Кыймылдуу коёндорго Жылкынын энергиясы кошулат. Аны туура жакка багыттай алса, жашоонун түркүн тармагынан пайда табат. Чыдамкайлыкты сактап, чечимдерди шашпай кабыл алуу керек. Каржы. Бир жолку кооптуу чоң кадамга караганда чакан, бирок үзгүлтүксүз ташталган майда кадамдар көбүрөөк каражат алып келет. Бизнеси жоктор коркунучтуу болсо да “комфорт зонасынан” чыгып, сооданын күңгөй-тескейин өздөштүрүүгө киришүүлөрү кажет. Карьера. Иште жаңы милдеттер жүктөлөт, жетекчилик алмашуусу мүмкүн. “Көрө жатарбыз” деп пассивдүү болбой, өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, жигердүү иштеп, жетекчилик менен тил табышып, оозго алынууга умтулган оң. Ошондо тапканыңыз көбөйөт. Сүйүү, мамиле. Бойдокторго чала тааныш адамына жан дүйнөсүн ачуудан кармануу сунушталат. Жубайлар убак-убагы менен үй-бүлөлүк майда кризиске кабылышат. Чатактар убактылуу жана аларды чечүү жолдору бар экенин унутушпаса, баары ойдогудай болот. Ден соолук. Оор жумуштарды көп жасоодон бел, омуртка ооруларын табуу коркунучу бар. Суукка катуу урунуу бездерди сезгенте турганын эске алган оң. БАЛЫК (1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012, 2024) Бийиктиктерге көтөрүлүү убактысы. Сиздин харизма, лидерлик сапатыңыз карьерадан жогорулоого, көп каражат табууга жеткирет. Чыгармачылык эргүү күтүлөт. Болгону эмоцияны ооздуктап, иш үчүн болгон күчтү рационалдуу пайдалануу керек. Жетекчилик орунга барганда диктатор эмес, акылдуу башчы болууга умтулуңуз. Каржы. Акча түрдүү булактардан түшөрү күтүлүүдө. Бирок оттуу стихия ашыкча март болууга түртүшү мүмкүн, андыктан чыгашаларга көз салуу кажет. Эмнени болсо да ойлонбой сатып алып, кийин өкүнүп калбагандай болуңуз. Карьера. Жогоруда айтылгандарды эске алсаңыз, бул тармакта сууда сүзгөн балыктай эркин сүзө аласыз. Сүйүү, мамиле. Жыл мамилелерде хаосту алып келбеши үчүн ойлонуп сүйлөп, чечимдерди таразалап кабыл алуу сунушталат. Абдан чоң болбосо да майда белектер, көңүл буруу ортодогу чыңалууну жазып, мамилелерди бекемдей турганын унутпаңыз. Ден соолук. Жүрөккө, кан басымга көңүл буруп, стресстерден качыңыз. Болбосо дарыланууга туура келип калат.
ЖЫЛАН (1941, 1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013, 2025) Ийгиликтерге чөмүлчү кез. Жыл пландарды аткарууга, карьералык көтөрүлүүгө, каржылык ийгиликтерге жетүүгө убада берет. Кыскасы, ийгиликтерге чөмүлүү убактысы. Бирок акылмандыкты, чыдамкайлыкты, стратегиялык туура чечимдерди талап кылат. Анткени жеңишке бат жетүү жылы эмес, өзгөрүүлөрдүн жылы. Каржы. Жыл ичинде кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүктөр жаралат. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлк сатып алууда шашпай, бардык жагын караштырып, жакындар менен кеңешип, анан сатып алуу кажет. Карьера. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө жылдын ортосу ылайыктуу. Ага чейин чечкиндүү, демилгечил, дипломат болуп, өзүңүздү иштен көрсөтө бериңиз. Сүйүү, мамиле. Романтика абдан көп болбосо да жагымдуу, эсте каларлык болот. Жеке жашоосуна туугандарын кийлигиштирип алгандар жаңылганын сезип, жан шериги экөөнүн мамилесин оңдоого аракет кылышат. Бойдокторго никеге турууга жаздын аягы, күз мезгили ылайыктуу. Ден соолук. Жылдын биринчи жарымында ден соолукта маселе болбойт, жашоонун ырахатын көрөсүз. Экинчи жарымында иммунитетке, туура тамактанууга көңүл буруу сунушталат. Этиятсыздыктан жаракатка кабылуу коркунучу бар, сактануу керек. ЖЫЛКЫ (1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014) Энергияны чоң максаттарга жумшоо керек. Жылкы жылы Жылкылар үчүн активдүү өзгөрүүлөрдүн, карьерада жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, саякаттоонун жылы. Бирок чечкиндүүлүк менен кооптуулуктун, амбиция менен реалдуулуктун тең салмагын сактоо, өз стихиясына “күйүп” кетпөө үчүн сактык кажет. Энергияны жана күчтү ар тарапка чачпай, чоң максаттарга гана жумшасаңыз, жеңиштер сиздики. Каржы. Бул жыл Жылкылар үчүн узак аралыкка чуркоо менен акча, байлыкты эңип кетүү убактысы. Болгону туура жакка жумшоо, кийинки жылдарга да жете тургандай топтоо сунушталат. Карьера. Дүйнө сизге эшигин ачып берет, мурун кол жеткистей болгондор эми жаныңызда болот. Карьерада ылдамдык башталат. Чоң долбоорго киришип пайда табууга, лидер болуп чыга келүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Болгону өз күчүңүздү ашыкча баалап алып, катуу ташыркап калбаңыз. Сүйүү, мамиле. Мамилелер убак-убагы менен сыноого кабылат. Сүйүктүүңүздөн башкаларга көз салуудан, аны башкаларга салыштыра берүүдөн карманыңыз. Болочок жан шеригин тапкандар никеге турушат. Ден соолук. Өпкө, муун ооруларына кабылуудан сактануу кажет. Өнөкөт оорулар жаз, кышта өздөрүнөн кабар берет. Дарылануу зарыл. КОЙ (1943, 1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015) Ийгиликтин ачкычы – акылмандык менен иш кылуу. Жыл алдыга күчтүү умтулуу менен башталат. Бир орунда турган план, карьера, долбоорлор “өлүк чекиттен” жыла баштайт. Туура ойлонуу, акылмандык менен иш кылуу, чынчылдык сиз үчүн ийгиликке ачкыч болуп берет. Өзүңүздү ар тармактуу өнүктүрүүнү улантыңыз, өзүңүзгө ишенимди бекемдеңиз. Каржы. Ири кирешелер түшчү учурлар болот, бирок аларды байкабай же кош көңүлдүүлүк кылып өткөрүп жибербеңиз. Кыялданган чоң нерсени сатып алууңузга туугандар да жардам кылат. Карьера. Карьерадан жогорулоо үчүн дипломатиялык мамиле, жаңы систем, ыкма менен иштөө, билимди жогорулатуу сыяктуулар керектелет. Эгер кызматка сунуш түшүп калса, кооптонбой макул болуу керек, сиздин колдон келет. Сүйүү, мамиле. Күз мамилелерди туюкка камайт. Жаман мамиле менен жараканы тереңдетпей, сүйүүнү жашатып кетиш сиздин колдо. Бирөөлөрдүн оюна карап эмес, жүрөгүңүзгө карап иш кылыңыз. Ден соолук. Профилактика үчүн учурунда дарылануу туура чечим болмокчу. МАЙМЫЛ (1944, 1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016) Артылган жүктүн көлөмү оор болот. Бирок маселени чечүүдө тапкычтык, ийкемдүүлүк сапаттарыңызды колдонуп, туура багыт тандасаңыз, алдыдагы тосмолорду жарып өтөсүз. Мүмкүнчүлүктөр ойдо жок жерден пайда болот, а сиз шамдагайлык менен илип алууга жетишиңиз. Каржы. Харизмаңыз киреше тапчу куралга айланат. Акча табуу жаатындагы идеяларыңызды ишке ашырууга тааныштарыңыз да салым кошушат. Болгону бирөөлөрдүн кызыктырган сунуштарына азгырылып, баарынан куру калуудан сак болуңуз. Карьера. Стартап, чыгармачылык, билимди өнүктүрүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн мыкты убакыт. Профессионалдык деңгээлде өсөсүз. Пикирлеш адамдардын командасында, жеке чыгармачыл илимий иштерде да мыкты болосуз. Сүйүү, мамиле. Чатактарды көбөйтпөй, чыккан учурда дароо басуу зарыл. Сүйүктүүңүздүн көзүнө чөп салбаңыз, кесепети оор болот. Эркиңизди тизгиндеп, чыныгы сезим менен убактылуу сезимдин айырмасын сезе билсеңиз, баары жакшы болот. Ден соолук. Катуу диеталар менен эксперимент жасабаңыз. Оору ашырып алышыңыз ыктымал. ТООК (1945, 1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017) Маселелер бат чечүүнү талап кылат. Бул жыл долбоорлор, иштеги маселелер бат чечүүнү, адамдар болсо бат реакцияны талап кылат. Өзүңүздүн инсандык сапаттарыңызды бекемдеп, бизнесте жана чөйрөңүз менен мамиле түзүүдө тоскоолдук кылган нерселерден арылууга тийишсиз. Каржы. Акча аздан, бирок туруктуу түшүп турат. Үнөмдөп чогултсаңыз, жакындарыңыз кошумчалашса, баштапкы төлөмүн төлөп, кыялдагы мүлктү бөлүп төлөө жолу менен сатып ала аласыз. Болбосо саякаттооңузга кенен жетет. Карьера. Жыл башында эле жасай турган иштердин тизмесин түзүп алып, билек түрө киришсеңиз жакшы жыйынтыкка жетесиз. Жыл бою тынбай иштеп, убактыңыздын көп бөлүгү жумушта өтөт. Ошого жараша карьераңыз да алдыга жылат. Сүйүү, мамиле. Бойдоктордо мурунку мамилелер үзүлүп, жаңы мамилелер пайда болушу ыктымал. Туура тандоо жасаганды билиңиз, антпесеңиз жыл аягында жалгыз калышыңыз мүмкүн. Өзүңүздүн көз карашыңызды гана туура дей берген мүнөзүңүздөн улам түгөйүңүздү таарынтып алуудан, анын көңүлүн калтыруудан сак болуңуз. Ден соолук. Спорт менен машыгуу сунушталат. Жаман адаттар болсо таштап, сергек жашоого умтулуңуз. Эс алууга убакыт бөлгөндү да унутпаңыз. ИТ (1946, 1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018) Жылкы жылы өз камкордугуна алат. Чынчыл, таза дил, асылзаттык сапаттары үчүн Итти Жылкы жылы өз камкордугуна алат. Бирок кандайдыр бир иш кылууда тобокелдикке салып, ойлонулбаган кадамдарды таштоого ашыкпаңыз. Туура мотивацияга таянсаңыз, ал сизге ийгиликтерге жол ачкан эшикке ачкыч болуп берет. Каржы. Кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн акча топтоого, ишкердикте өзүңүз кыялданган кирешеге чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону ылдам, чапчаң сапатыңыз менен ал мүмкүнчүлүктөрдү шап кармап калыңыз. Карьера. Башкы куралыңыз – интеллект болмокчу. Жаңы вакансиялардан кабардар болуп туруңуз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүңүз мүмкүн. Тер төгүп мээнеттенүү менен жетекчиңизден тынбай сый акы алып турган кызматкерлердин арасына кошула аласыз. Сүйүү, мамиле. Жеке жашоодо мурунку кетирген каталарыңыздан сабак албасаңыз, аны кайра кайталоо коркунучу бар. Түгөйүңүз менен мамилеңизди жыл бою бекемдей жүрүңүз. Жалгыз жүргөндөр түгөйүнө жолугуусу ыктымал. Ден соолук. Өнөкөт бронхит, аллергиялык оорусу барларга жыл ичи кооптуу. Өздөрүн карашпаса, оорусу улам козголуп кыйнайт. ДОҢУЗ (1947, 1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019) Акылды да, жүрөктү да уга жүрүңүз. Жылкы жылында сиздин акыл-эс менен ички туюм катарлаш жүрүшү зарыл. Ошондо гана “жекпоттун” ээси болосуз. Жыл жогорку нотада башталат. Жаңы тааныш, байланыш, идеялардын артында өзүңүздү керектүү инсан катары сезесиз. Каржы. Жылкы жылы акчаны, ийгиликти жөн эле кармата бербейт. Көп сыноолор, тоскоолдуктардан өтүп, убакыт менен тең жарышып, тер төгүп иштешиңиз зарыл. Бирок ошого жараша карыз деген сөздү унута баштайсыз. Карьера. Иштин туура багытын аныктоо зарыл, болбосо кылган аракетиңизден майнап чыкпай кыйналасыз. Жетекчиликтин талаптарына жооп берип, көп мээнет кылууга жетишсеңиз, жаңы горизонтторду багындырасыз. Саякатка да көп чыгасыз. Сүйүү, мамиле. Үй-бүлөлүүлөр чакан мамлекеттин жүгүн толук бойдон моюнуна алып, активдүүлүгүн көрсөтүүлөрү керек. Бойдоктор сүйүктүүсүн жакындан билип, ал өзү самагандай жар болуп бере алабы, таразалап көрүүлөрү кажет. Ден соолук. Иммунитетти көтөрүү үчүн дайым кыймылда болуу кажет. Жазында уйкусуздуктан же муун ооруларынан жапа чегишиңиз ыктымал. Канымжан Усупбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |