Быйыл Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгону 10 жылдык чекке жетти. Бул маараке өлкө үчүн белгилүү бир тарыхый этапты гана эмес, интеграциянын реалдуу жыйынтыктарын таразалоо зарылдыгын да эске салат.
2015-жылга чейин өлкөдө интеграция маселеси кеңири талкууланып, коомдук жана эксперттик чөйрөдө ар кыл көз караштар айтылган. Сурамжылоолор жарандардын 86 пайызы биримдикке кошулууну колдогонун көрсөткөн. Экономикалык анализдер болсо Кыргызстан ири рыноктордон сыртта калбоо үчүн интеграция маанилүү экенин белгилеген.
Бул 10 жыл ичинде Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында бир катар ийгиликтерге жетишип, ошол эле учурда жаңы чакырыктарга да туш болду. Интеграцияга байланыштуу так, системдүү илимий изилдөөлөрдүн аздыгы — коомдук түшүнүктөгү боштукка алып келген факторлордун бири.
Дал ушул боштукту толтурган биринчи комплекстүү эмгек — “Евразиялык экономикалык жол: Кыргызстан 10 жылда (2015–2025)” монографиясы 2025-жылдын ноябрында жарык көрдү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров китептин маанисин белгилеп, ЕАЭБ “глобалдык экономикалык архитектурада татыктуу орун алганын” айтты.
Монографияны даярдаган автордук топ – Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин тажрыйбалуу кызматкерлери. Алар интеграциялык процесстерди толук түшүнгөн адистер катары материалды кеңири фактылар менен бекемдешкен.
Китепте интеграциянын жетишкендиктери – эмгек мигранттары үчүн шарттардын жакшыртылышы, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун ишке кириши, экспорттук рыноктордун кеңейиши белгиленет. Монография – тарыхый документ гана эмес, стратегиялык ой жүгүртүү үчүн маанилүү платформа.