Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдан баштап өлкө ичиндеги аба каттамдарынын билет баалары базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди. Ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жабыла турганын 23-декабрда мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мындан ары ички каттамдарда билеттердин баасы акыркы сааттарда кескин кымбаттабайт. Демилге “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. Мисалы, буга чейин Бишкек-Талас каттамына билет баасы 2100 сомдон 3100 сомго чейин болуп жатса, бул баа 2100 сом деп бекитилди. Бишкек-Кербен каттамынын баасы 3100-4100 болуп келсе, мындан ары 3600 сом болмокчу. Бишкек-Баткен каттамы 4500 сом, Бишкек-Раззаков каттамы 4800 сом, Ош-Каракол каттамы 5000 сом болот. Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча баалар арзандатылган жок.