Кожойкелерге ашканада ыңгайсыздык жараткан жагдайлардын бири – бычактын мокоп калышы. Үйдө атайын бычак курчуткуч же кайрак жок. Аны курчутуп берүүгө мырзалардын убактысы жок же шылтоосу көп. Төмөндө эч кимге жалдырабай үй шартында оңой бычак курчутуу ыкмасын сунуштайбыз.
Керектелет:
1. Чуңкур табак же банка
2. Кайнак суу – 1 литр же болбосо тик тургузулган бычактын мизин көбө тургандай өлчөмдө
3. Ашкана содасы – 2-3 аш кашык
4. Уксус – 1 аш кашык
5. Туз – 1 аш кашык
Үйдөгү эч нерсе кеспеген бычактардын баарын чогултуңуз да, бычактар тик турганда баткыдай чуңкур идишке же банкага салыңыз. Ошол идишке ашкана содасын, уксус, тузду саласыз да, кайнап турган сууну бычактын мизин көмдүрө куясыз. 1-2 саат коюп коюңуз. Суу муздагандан кийин алып чыгып, жакшылап таза сууга чайкап алып колдоно берсеңиз болот. Эгер бычак жакшы курчубай калса, аталган ыкманы дагы бир жолу кайталап коюңуз.
Бычак тез мокоп калбашы үчүн:
- Бычакты колдонуп бүткөн сайын жууп, дайыма кургатуу керек.
- Бычакты идиш жуучу аппаратка салганда бат жарактан чыгат, андыктан колго гана жуу сунушталат.
- Бычактарды башка металл ашкана предметтерине кошпой, кургак жерде сактоо зарыл. Жакшысы атайын бычак салгыч алган оң.
- Такыр мокоп калгыча күтпөй, 1 аптада бир мусат менен курчутуп койсо, көпкө мокобой жүрөт.