Кош аяктар кичирейтилген кеңгурудай көрүнүшөт. Алардын бир нече түрү бар. Бүгүн Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген кидик кош аяк тууралуу маалымат беребиз.
Чөлдүү аймакты байырлашат
Арткы буттары секирүүгө ыңгайлашып, алдыңкы буттарына караганда узун. Түндүк-Батыш Кытай, Түркия, Иран, Ооганстан, Чыгыш Кавказ, Борбордук Азияны байырлайт. Сейрек чөптүү жана бадалдуу өсүмдүктөрү бар чополуу чөлдөрдө жана жарым чөлдүү аймактарда жашайт. Кыргызстанда Чүйдөгү Кыргыз тоо кыркасынын бөксөөсүндө жана Талас өрөөнүндө чийлер өскөн аймактарда кездешери белгилүү. Токой, саз, айдоо аянттарында жана сугат жерлерде жашабайт.
Түнкү жашоо образын карманышат
Алар байырлаган жерлерди изилдөөлөрдө ар бир 10 чакырым аралыкта Чүйдө 5-7, Таласта 6-9 баштан кезиккен. Убактылуу жана туруктуу ийиндери болот. Аларды кыска алдыңкы буттары менен казышат. Түбүнө кургак чөп, канаттуулардын канат-жүндөрүн таштап, жылуулашат. Күндүз ийиндеринде жатып, түнкүсүн аң уулап чыгышат.
Күздө ийинге киришет
Октябрда ийинге кирип, апрелдин ортосунда чыгышат. Жазында төлдөшөт. 2ден 5ке чейинки балдарын жарыкка алып келишет. Азыгынын көп бөлүгүн курт-кумурскалар түзөт. Мындан тышкары жазында өсүмдүктөрдү жешсе, жайында өсүмдүк уруктарын, мөмө, эфемерлердин тамырларын жешет.
Душмандан кантип коргонушат?
Душмандары – жылан, кескелдирик, жырткыч куштар, түлкү жана ит. Кидик кош аяктын куйругу узун болгондуктан, душмандары дал ошол куйругунан кармап алганга аракет кылышат. Душмандарынан көбүнчө качып кутулушат. Алар күтүлбөгөн жерден бет маңдай чыгып калган кездерде арткы 2 буту менен тепкилеп, коргонууга өтүшөт.