14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштырууда 2 миңге жакын унаа өтпөй калганын айтты. Депутат өкмөткө кайрылып, ал унааларды кайрадан легалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү суранды.
– Буга чейин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында тийиштүү комиссиянын жетекчиси “тизме түзүп бергиле, эгер тизме көп болсо, кайрадан легалдаштыруу кылганга мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз” деп айтты эле. Тизме түзүлдү. Болжолдуу 2 миңдин тегерегинде унаа чогулуп жатат. Демек, мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар,- дейт эл өкүлү.
Маматалиев буга чейин мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруудан өлкө казынасына
1 миллиард 800 миллион сом түшкөнүн белгилеп, аталган маселеге көңүл бурууну өкмөт мүчөсүнөн өтүнгөн эле.
Депутат Маматалиев автоунаалар боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ага ылайык, катализатору жок автоунааларга айып салына баштамакчы.