Өлкөдө тендер системи жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу маселе көтөрдү. Айтымында, тендер аркылуу курулуп жаткан курулуш иштеринин баары кеч бүтүрүлүп, жакшы жыйынтык бербей келет.
– Учурда негизги көйгөйлөрдүн бири – тендер. Азыр мектеп, бала бакча, социалдык негиздеги имараттар, дегеле кандай курулуш болбосун баары тендерге байланышкан. Элдин баары тендерден тажаган. Тендердин өзүн эки ай өткөрүшөт. Курулуш иштери башталбайт, убакыт созулуп кете берет. Мен кечээ президент менен сүйлөштүм, тендер боюнча мыйзамды тез арада карап, ал нерсени алып салышыбыз керек. Тендер болбош керек. Бул иштин натыйжалуулугуна жана сапаттуу тез бүтүшүнө шарт түзөт. Тендердин “т” тамгасы калбасын,- деди спикер.
Төрага бул боюнча өкмөткө тапшырма берип, тиешелүү мыйзам долбоорун тез арада даярдоону сунуштады.
Тендер системин жоюу боюнча сунуштар көптөн бери айтылып келет. Бул систем тармакта коррупцияга жол ачып, маселелер тааныш-билиш аркылуу чечилип жатканы сындалып жүргөн.