Өлкөдө мамлекеттик сыйлыктардын жарымын кыскартуу сунушталууда. Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков билдиргендей, мыйзам долбоору мамлекеттик кызмат системин бюрократиядан арылтуу жана мамлекеттик сыйлыктар системин оптималдаштыруу максатында иштелип чыкты.
– Азыркы учурда жалпы 46 мамлекеттик сыйлык жана наамдар бар. Статистикага таянсак, Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалын кошпогондо акыркы 15 жыл ичинде 1034 мамлекеттик сыйлык, 2837 Ардак грамота, 2215 ардак наамдар тапшырылган. Сыйлыктардын кеңири берилиши алардын баалуулугунун акырындык менен төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан 46 сыйлыктын ордуна 20сын калтырууну сунуштап жатабыз,- деди Казаков.
Жыйынтыгында “Данакер”, үч даражадагы “Эрдик” ордендерин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” наамын жана экинчи категориядагы “Эмгек сиңирген” деген наамды мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар системинен алып салуу сунушталууда.
Интернет желесинде “Эл акыны” деген наамды жоюуга карата талаш-тартыштар уланып жатат.