Банктардын “кара тизмесине” кирип калган жарандар 3 жылдан кийин кайра насыя ала алышат. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-январда биринчи окууда жактырды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда негативдүү насыялык маалыматты сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле 10 миң сомго чейин насыя алгандардын терс насыялык маалыматтары бир жылдан кийин өчүрүлөт.
“Насыялык маалыматты алмашуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеп жатат. Министрлик мындай кадам “кредиттик тарыхы” начар жарандардын насыя алышына, ишкерлик үчүн да насыялардын жеткиликтүү болушуна шарт түзөрүн белгилөөдө.
Депутат Марлен Маматалиев 10 миң сомго чейин эмес, 100 миң сомго чейин насыя алган жарандардын негативдүү маалыматтарын 1 жылдан кийин өчүрүү керек деген пикирде.
Айта кетсек, Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында эле жарандар банктардан жана кредиттик уюмдардан 304 миллиард сом насыя алганы маалымдалган.