Салык кызматы чакан жана орто ишкердикке карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана көзөмөлдүк сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу 22-январда аталган мекеме билдирди.
Тактап айтканда, салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына байланыштуу көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) пайдалануу аркылуу операцияларды жүргүзүүчү жабдуулардын болушу, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар же жок экендиги боюнча рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү токтотулат.
Бул чаралар төмөнкү ишмердүүлүктү жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата колдонулат: 1. Бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5 пайыздык ставкасы боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системинде иштегендер. 2. Патенттин негизинде иш жүргүзгөндөр. 3. Өзгөчө режимдеги соода зонасында ишмердүүлүк үчүн салык төлөгөндөр. 4. Тигүү жана текстиль өндүрүшүндө бирдиктүү салыктын 0,25 пайыздык ставкасы менен иш жүргүзгөндөр.