Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан “Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун бир нече кызматкери кармалганын 19-январда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, мурда өздөрү дарылануудан өткөн, жогорку медициналык билими жок, реабилитациялык борбордун кызматкерлери жетекчинин көрсөтмөлөрү боюнча жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле бейтаптардын психикалык абалы өтө оор болуп жаткан учурда бекиткичтери бар керебеттерди, дубинка, кыйноочу аспаптардын түрлөрүн, электрошокер, оозун жабуучу каражаттарды колдонушкан.
Мындан тышкары баш ийбеген бейтаптарды караңгылатылган бөлмөгө камап, 7-8 күн даараткана жана жеке гигиена каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышкан.
Борбор бир бейтаптан ай сайын 80 миң сом төлөм алып, бирок дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматты эч кимге берген эмес. Жугуштуу оорулары бар бейтаптарды бөлбөй, жалпы шартта жайгаштырып, тарап кетүү коркунучунун алдын албаганын билдирет УКМК.
Жогоруда аталган мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча 8 адам кармалды. Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралар уланууда.