Вольфрам – бул металл. Өзү жана анын кошулмалары машина куруу, авиация, радиоэлектроника, текстиль өнөр жайларында колдонулат. Кайсы жердин топурагында, суусунда вольфрам бар болсо, ошол аймакта өскөн жашылча-жемиш, козу карындардын курамында жолугат. Вольфрам өндүргөн өнөр жайлардан чыккан калдыктар менен булганган жерлерде өскөн өсүмдүктөрдүн курамында да болот. Организм үчүн анын пайдасы жок. Тескерисинче, көп кирип кетсе адам ууланат. Анын белгилерине жөтөл, демигүү, ичеги-карындагы оорутуу, ой жүгүртүүнүн начарлашы, шалдыроо кирет. Аталган металл денеде көбүнчө сөөк, бөйрөк, өпкөдө чогулат. Өлчөмү 30 миллиграммга жетип кетсе, адам өлөт.
Окумуштуулар вольфрам булганган деңиздердеги балырлардын курамында көп өлчөмдө кездешерин, аларды колдонбоо керектигин да эскертишет.
Маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын аймагында анын 136 кени табылган. Алардын 85и нагыз вольфрам кени, калгандары башка металлдардын кошумчасы түрүндө кезигет. Алар негизинен Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарында кездешет.