Индияда жаралган Нипах вирусунун кыргызстандыктар үчүн коркунучу жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалык башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радиого” маек берип жатып билдирди.
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанга оорунун коркунучу жок десек болот. Анткени оору жарганаттардын учуучу түлкүлөр деп аталган түрүнөн жугат экен, бул түрү бизде жок. Бирок азыр миграция маселеси өтө күчөгөн, туристтер көп. Мындан улам ал жактан биздин өлкөгө киргендер текшерүүгө алынат,- деди Оторбаева.
Нипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал жана эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салганы 29-январда кабарланды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Нипах вирусунун адамдан адамга жугары азырынча тастыктала электигин билдирди.