СЕЗИМ ТАМЧЫЛАРЫ
№247 27-июль-2-август, 2007-ж.
-
Унчукпа... Бакыт, сүйүү жөнүндө айтпагын. Сөздөр желге тарап кетет да, унутулат. Тек гана көздөрүмө тигил...
-
Сүйүү согуш сыяктуу: баштоо оңой... аяктоо кыйын... унутуу мүмкүн эмес...
-
Мен мурда эле билчүмүн: бир күн – 24 саат, ал эми бир саат – 60 мүнөт. Бирок, сенсиз өткөн бир күн бир кылым экенин билген эмесмин.
-
Сен менин жүрөгүмдүн жай музыкасы, сүйүүмдүн ханышасы, бейиштин кушусуң.
-
Кел, чогуу саякаттап келели. Саякатта алган багытыбыз жылдыз, кемебиз сүйүү, жүргүнчүлөр сен жана мен бололу. Макулсуңбу?
-
Кандан сенин эмне айырмаң бар экенин билесиңби? Кан жүрөккө киргени менен кайра чыгат. А сен жүрөккө киргенден кийин кайра чыкпай түбөлүккө каласың.
-
Ааламда жети кереметтен тышкары дагы бир керемет бар, ал сенсиң.
-
Асмандагы жылдыздарды тыңшап көрчү?! Алар менин сени кандай сүйөөрүмдү айтып беришет.
-
Эгер Кудай мага сенсиз түбөлүктүү жашоону сунуштаса, мен сени менен чогуу болоор көз ирмемди тандамакмын.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0