27-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы тексти жана музыкасы каралды.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев бир жыл ичинде келип түшкөн бардык чыгармалар кылдат каралып, жыйынтыгында үч вариант тандалганын айтты. Талкуу маалында комитет төрагасы Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жагынан азыркы гимнден жогору эмес экенин айтты. Башка депутаттар да ушундай пикирлерди айтышты. Жыйынтыгында сунушталган үч вариантты тең четке кагуу сунушталды. Эртеси парламент комитеттин сунушун колдоп, гимндин жаңы версиясын тандоо боюнча сынакты улантуу чечимин кабыл алды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу буларды айтты:
– Текстин окуп, обонун уктук. Бирок биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Баары марш түрүндө жазылып калып жатат. Гимн саясий иш-чараларда гана эмес, ар кандай маараке, тойлордо да ырдала турган болушу керек.