Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АРНОЛЬД ШВАРЦЕНЕГГЕР

№248 3-9-август, 2007-ж.


Атактуу актёр Арнольд ушул жуманын дүйшөмбү күнү 60 жашка толду. “60 жаш карылыктын кабары эмеспи?” деген журналисттердин суроосуна: “Мен бул куракка чыкканым менен али да болсо жүрөгүм жаш. Элим үчүн кызмат кылууга күчүм жетет. Өзүмдү жаш эле сезем”,- деп жооп берип, карый элек экенин дүйнөгө кабарлады. Эмесе, ошол 60 жашар «жаш жигит» Арнольд Шварценеггердин өмүр баяны...

ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШ
Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үйбү­лөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Густав жергиликтүү полиция кызматынын башчысы болсо, апасы үй кожойкеси болчу. Арнольд менен анын жалгыз агасы Мейнхард (кийин 1971-жылы автокырсыктан каза тапкан) балалыгында атасы Густав Шварценеггердин катуу тарбиясынын алдында чоңоюшат. Турмуштары бир кыйла оор болгону менен балдарынын денсоолугу чың болуусун каалаган ата-эне тазалыкты сактап, жакшы тамактандырууга аракет жасашчу. Бирок, баары бир курсагы ач экенинен кабар берип, кичинекей Арнольд күндөн-күнгө арыктап отуруп, кээ күндөрү эс-учун жоготуп, бир канча ирет ооруканага да түшкөн. “Анда биздин үйдө сыналгы, радио, телефон, ванна дегендерден эч нерсе жок эле. Эптеп нан таап жегенибизге ыраазы болчубуз”,- деп эскерет Арнольд. Актёр алгач өзү жашаган кыштактагы Ганс Гросс мектебинде, андан кийин Грац шаарындагы Фробель орто мектебинде билим алат. Бир тууганы Мейнхарддан айырмаланып, Арнольд өтө эле шайыр жана элпек бала болгон. Ал эми агасы Мейнхарддын оор мүнөзү, мыкаачылыгы мектептен айдалууга, ал гана эмес, атасы Густавтын ичкиликке берилип кетишине алып келген. Арнольд кичинекей кезинен эле башкаларга окшобогон өзгөчө адам болууну самачу. Бир аз убакытка чейин футбол менен машыккандан кийин “команданын ар бир мүчөсүнө баш ийүүнү жана жеңишимди башкалар менен бөлү­шүү­нү каалабайм” деп кетип калган. Атасы ар кандай музыкалык аспаптарда кол ойноткондуктан, баласынын музыкант болуусун каалап, өз чеберчилигин үйрөтүүгө аракет жасайт. Бирок, Арнольд музыкага таптакыр кызыкчу эмес.

СПОРТ ДҮЙНӨСҮНӨ БАШБАГУУ
Футболдон биротоло көңүлү калган Арнольд спорттун башка түрү менен алектенүүнү чечет. Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия Мырзасы”, “Европа Мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле. Анткени, Арнольд өтө эле арык жана бою узун болчу. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортсмен жумасына жети күн 3-4 сааттан машыгып, үйүнө күндөп-түндөп келбей калышы атасынын кыжырын келтирип, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын келип чыгышына алып келген. Апасы болсо тескерисинче, баласынын бул каалоосун колдоп, атасы уктагандан кийин машыгууга барып туруусуна уруксат берген. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайрадан Курт Марнулга кайрылып, анын жардамы менен жергиликтүү сынактарга катыша баштаган. Бирок, Арнольддун курсак бөлүгүндө күч булчуңдары жок болгондуктан, ар кандай кыймылда булчуңдарын даңазалап көргөзүүдө ичин колдору менен жаап алчу экен. Кийинчерээк машыктыруучусу ага күч булчуңдарын чоңойтуучу дары-дармек каражаттарын ичирип, Арнольддун дене түзүлүшүн калыпка келтирген (ал учурда мындайларга тыюу салынган эмес).
Арнольд Америкага кетүүнү кичинекей кезинен эле самачу. Себеби, кедей болгондугу үчүн досторунун куру бекер ар кайсы шылтоолор менен шылдыңдашы, андан тышкары, атасынын да “Золушка” деп тамашалашы жүрөгүнө катуу тиер эле. Бул тилеги ишке аша электе 1965-жылы аскер кызматын өтөөгө чакыруу кагазын алат. Жашы 21ден ашып калгандыгына байланыштуу танк айдоочусу катары кабыл алышкан. Ал эми ал учурда Арнольд бир гана кичинекей масштабдагы конкурстарга катышууну эмес, “Ааламдын Мырзасы” титулуна ат салышууну көздөп, бодибилдинг менен андан да көбүрөөк машыга баштаган. Ал гана эмес, “Европа Мырзасы” титулун алуу үчүн аскерден эч кимден уруксат сурабай эле кетип калган. Бул наамдын ээси болуп кайтканына карабастан, келгенден кийин аскер кызматкерлери өз жазасын колуна карматышат. Кийинчерээк 1966-жылы келечектен көптү талап кылган Арнольд Германиянын Мюнхен шаарына кетип, ал жактан чакан бир фитнес-клубдун машыктыруучусу болуп ишке орношкон. Дагы да болсо турмуш кысымына кабылып, ошол клубдун спорт аянтчасында жерге жатып уктаган күндөрү да болот. Алган акчасын топтоп отуруп, ижарага бир бөлмөлүү батир алып жашай баштайт. Бирок, эң негизгиси, жашоосунда жаңы бурулуш жолду көрсөткөн немис бодибилдингчиси Рейнхарт Сволан менен дал ушул жерден таанышкан. Анын колдоосу менен “Ааламдын Мырзасы” конкурсуна барууга Англияга чейинки жол кире топтоого киришет.

АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИКТЕР
Бир канча кыйынчылыктарды жеңип, 1967-жылы Арнольд Шварценеггер “Ааламдын Мырзасы” титулун багындырып, өзүнө жетээрлик акча таба баштайт. Англия спортсүйүүчүлөрүнүн арасында тааныла баштаганы менен алар менен эркин сүйлөшүү Арнольд үчүн кыйынчылыкка турат. Анткени, өз эне тили немис тили болгондуктан, англисче үйрөнүү бир аз кыйынчылыктарды алып келген. Бирок, бул Англиядан “Европанын эң келбеттүү жигити”, “Европа Мырзасы”, “Оор көтөрүү боюнча эл аралык чемпион” титулдарынын ээси болууга терс таасирин тийгизген эмес. 1968-жылы “Олимпия Мырзасы” наамын багындыруу үчүн Флориданы көздөй бет алат. Бирок, бул жолу буттарынын булчуңдары анча чоң эмес болгондуктан, экинчи орунга татыктуу болуп кайтат жана ушундан кийин буттарына күч топтой баштайт. Мына ушундай эмгектердин артынан “Дүйнөнүн жана Европанын культуризм боюнча чемпиону”, “Ааламдын Мырзасы” титулунун беш жолку жана “Олимпия Мырзасы” наамынын жети жолку ээси болууга жетишкен. Кудай берээрин унутпай, Арнольд бул учурда бир топ эле байлык чогултуп, бардык акчасына кыймылсыз мүлк ала берген. Андан тышкары, түстүү журналдарга сүрөткө түшүп, “темир булчуңдуу” жылдызга айлана баштайт. Билим алууну да унутпастан, Санта-Моника колледжинде окуган. Андан кийин 1979-жылы Висконсин штатындагы Бизнес жана эл аралык экономика университетинен Американын тарыхы боюнча билим алууга жетишет.

КИНОГО ТАРТЫЛУУ
Турмуштан баарын күтүүгө болот. Бала кыялы менен ойлогон ойлору ишке ашып, өзү каалаган спорт түрү­нүн чебери болууга жетишкенден кийин дүйнө элдеринин эсинде түбө­лүк калуу үчүн Арнольд киного тартыла баштайт. “Темир булчуң” атка конгон мындай спортсменди кантип эле кинорежиссёрлор байкабай калышсын?! Алгачкы жолу “Нью-Йорктогу Геркулес” фильмине тартылган. Келишим­дүү тулку бойлуу Арнольд бул кинодон 12 миң доллар киреше тапкан. Тартылган ар бир фильми хитке айланып, актёрдун жөн гана дене түзүлүшүн киного чагылдырганы үчүн режиссёрлор акча төлөп беришкен. Башында америкалыктардын айтуусуна оңой болсун үчүн Арнольддун фамилиясын өзгөртүп, “Стронг” деген псевдоним менен чыгарышкан. Бирок, кийинчерээк Шварценеггер өз фамилиясын алып чыгууну чечет.
1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган эле. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери бири-биринин артынан эл алдына тартуулана баштайт. Бирок, мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” чыгарылган.
Унутулгус темир адамга айланткан “Терминатор” фильмине тартылуудан актёр 6,5 миллион доллар киреше тапкан. Көпчүлүк учурда балбан каармандын ролун жараткан Арнольд актёрдук кесибинин артынан дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кошулат. “Байлыгына чиренген актёр агасы менен атасы каза болгондо жерге узатууга да келген эмес” деген кептер эл арасына тараган. Бирок, Арнольд эмнеге барбагандыгынын себебин эч кимге айтпай келет.
Акыркы жылдары чыккан жана хитке айланган кинолоруна кайрылсак, “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” жана башкалар. Булардын ар биринен 30 миллион доллардын тегерегинде киреше тапкан.

ЖАҢЫ ЖОЛ
1986-жылы “Чуркаган адам” фильмине тартылуу убагында АКШнын мурунку президенти Кеннединин жээни, тележурналист Мария Шрайверге баш кошкон. Ал эми алардын үйлөнүү тоюнда 500дөн ашык конок келип, атактуулар арасында өзгөчө үлпөт тойлорунун бири катары тарыхта калган. Айта кетчү нерсе, жубайлардын ортосундагы бул нике узак жана бактылуу экенинде да талаш жок. Анткени, бирге жашап жаткандарына 21 жыл толсо да, ушул убакка чейин ынтымакта жашап келишет. Ортолорунда 4 баласы бар. Улуу кызы Кэтрин Юнис 1989-жылы, экинчи кызы Кристина Мария Аурелия 1991-жылы, уулу Патрик Арнольд 1993-жылы жана эң кичүү уулу Кристофер Серджент 1997-жылы төрөлгөн. Атактуу саясатчынын үйбүлөсүнө кошулуудан Арнольд жаңыча жолго түштү десе болот. Себеби, саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышаарын айтат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон актёр губернатордун тактысына отураары менен эле киного тартылууну азайтты десе болот. Анткени, убактысынын тардыгына байланыштуу аз гана фильмдерге тартылганы менен актёрдук кесибин да аркалап келет. Спортко да чоң салым кошууну көздөгөн губернатор спорттук багыттагы 2 журнал ачкан жана андан бодибилдинг тууралуу кенен маалымат табууга болот. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган. Учурда бир гана саясат менен алектенбестен, бир канча жеке ишканаларын, ресторандарын, журналдарын жана да жеке киностудиясын иштетип жаткан убагы.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: