Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЫРЧЫНЫН ӨЛҮМҮ, КАЛКЫП ЧЫККАН ЧЫНДЫКТАР...

№436 11-17-март, 2011-жыл


Ырчы Микаэлдин киши колдуу болуп көз жумганына жыл айланды. Кылмышка шектүү делген адам учурда үй камагында. Ал эми кылмыштын бетин ачкан кылмыш иликтөөчүнү иштен четтетип коюшту. Мунун себептери эмнеде? Бийликтеби, дос-тааныштабы? Чындыкты издеген маркумдун эжеси эмне дейт? Булардын баары биздин иликтөөдө.

ТАМАША ЭМЕС БОЛЧУ...
Былтыркы жылдын 31-марты эле. Кечке жуук телефонум чырылдап калды. Бийчи Бакыт Байсариев чалып жаткан экен. “Микаэлди өз үйүнөн бычактап кетишиптир. Квартирасында оперлер жүрүшөт” деди. “Бакыт, 1-апрель али баштала элек. Адамдын өмүрү менен да тамашалашабы? Башка шылтоо тапсаң болмок” деп урушуп, трубканы коюп салдым. “Өлтүрүп кетти” дегенге түк ишенген жокмун. Анткени мүнөзү ачык-айрым, жалаң гана позитив чачып турган жигит бирөөнүн колунан өлүм табат деген ой үч уктасак түшкө кирмек эмес. Бирок кабар чындык болчу...
Ошентип, иликтөө башталды. Ага удаа мекенибизде бийлик алмашты, бир канча эр-азамат окко учту. Милиция кызматкерлеринин башына абдан түйшүктүү күндөр түштү. А мындай абал кылмышкердин пайдасына кетери айтпаса да түшүнүктүү. «Ушундай будуң-чаң түшкөн учурда кайсы бир ырчы жигиттин өлүмүн ким кыйратып иликтемек эле?» Чын айтам, көпчүлүгүбүздө ушундай ой болду. Бирок милициянын катарында деле кызматына олуттуу мамиле кылгандар жок эмес. 25-майда “Микаэлди өлтүргөн” деген шек менен досу Эркин Турусбеков кармалды. Көп өтпөй шектүү деп кармалган жигиттин энеси маалымат жыйынын өткөзүп, “милиция кызматкерлери уруп-согуу менен кылмышты уулумдун моюнуна алдырышкан” деп айтып чыкты. Адатка айланган көрүнүш. Бирок баары бир суроо жаралат. Микаэлдин ошончо досторунун арасынан эмне үчүн Эркин кармалды? Ошол учурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Зарылбек Рысалиев “Эркинди шектүү деп кармаганга жетиштүү далилдер болгон” деп комментарий берген. Эмнеге таянып мындай деп айтты? Айыпталуучу чын эле сабалганбы же кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүнүн аракетинде “сабашты” деп жатабы? Албетте, буга жоопту сот берет. Ошентип, жабырлануучу тарап жыл айланса да кылмышкер жазаланбаганына бушайман.

КИМДИН ЭЛЕ КАРГЫШ УККУСУ КЕЛСИН?
Өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирген бул кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ага кылмыш иликтөөчүсү Нурдин Жусубалиев ачкан. “Канчалаган кылмыштардын бетин ачабыз. Жабырлануучу тарап ыраазычылыгын билдирсе, кармалып, кылмышы ачылгандар дайыма кекенип, алардын туугандары каргап-шилегенден кайра тартышпайт. Андай сөздөрдү кимдин эле уккусу келсин? Ошентсе да каргайт экен деп кылмышты ачпай, айыбын айтпай коймок белек?”,- дейт кылмыш иликтөөчү. Бирок айрымдар жаман сөзүн агытып гана тим болбостон, тааныш-катыштарына, акчасына, аброюна таянып иштин бетин ачкан кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөрдү буттан чалууга да аракет кылышат. Мисалы, Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш ишин ачкан соң Нурдиндин “куйругуна калбыр илинген”. Кантип дебейсизби?

КУРУ ЖАЛААНЫН КУРМАНДЫГЫБЫ?
Бардык ишти дос-тамыр, байланыш-катыштар чечип калган азыркы заманда жогоруда аты аталган айыпталуучуну шектүү катары кармап, убактылуу камакка алуунун өзү оңой болбоптур. Анткени маалыматтарга караганда айыпталуучунун атасы кезинде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында иштеген, учурда Юридикалык академияда кызматта, ошондой эле бул үй-бүлөгө тиешелүү юридикалык фирма бар. Ал эми айыпталуучунун апасы кыргызга аттын кашкасындай таанымал таланттардын кызы. Мындай үй-бүлөнүн уулун “эптемей” далилдер менен айыптоонун өзү кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөргө оңой болмок эмес. Эгер ката кетиришсе, кандай жыландын куйругун басарын кылмыш иликтөөчүлөр билбеди дейсизби? “Эркин Турусбековго шек түшүп, акырындап далилдер чогула баштаганда эле анын ИИМдин Күзөт бөлүмүндө иштеген эжеси баш болуп иликтөө жүргүзүп, милдетибизди так аягына чыгарууга тоскоолдук келтире башташты. Бирок мен ушул иштен улам бир канча жылдан бери татыктуу аткарып келе жаткан жумушумдан четтетилип калам деп ойлогон эмесмин”,- дейт ага кылмыш иликтөөчү Жусубалиев.
Өз ишин мыкты билген ага кылмыш иликтөөчү Нурдин Жусубалиев “Эркин Турусбековдун апасы Нуржамал Рыскуловага кол көтөрүп, тишин сындырды” деп айыпталып, үстүбүздөгү жылдын 21-январында жумуштан четтетилген. Учурда анын иши баш калаанын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген. Ал окуяны кылмыш иликтөөчү мындайча эскерет:
– Микаэль Даутовдун иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырылып, баргам. Судья Боромбаевдин башчылыгында жүрүп жаткан процесске кирип, суроолорго жооп берип чыксам, коридордон айыпталуучунун апасы мени токтотуп калды. Жөн эле токтотпостон, кыйкырып ызы-чуу салып, элди чогултуп, түшүп калганбы же өзү жулуп алганбы, айтор, колуна бир тишин кармап алып “мени бир чаап, тишимди сындырды” дей баштады. Мен ал аялдын эмнени көздөп жатканын түшүнүп, ошол замат кайра судьяга кирдим. «Урматтуу судья, азыр тышта ушундай окуя болуп кетти. Мага куру жалаа жапканга аракет кылышууда. Чынында, мен ал аялды урмак тургай, ал тарапка караган да жок элем» дедим. Ошентсе да менин үстүмдөн “сабады” деп арыз жазып, Биринчи Май
РИИБине тапшырып коюптур. Милиция кызматкеринин үстүнөн арыз түшүп жаткан соң мен иштеп жаткан Свердлов РИИБине арыз тууралуу маалымат келип түшүш керек болчу. Жок, андай болгон жок. Мен дагы, менин жетекчилигим дагы менин үстүмдөн арыз түшкөнүн билген эмеспиз. Анан 21-январь күнү Биринчи Май райондук прокуратурадан келишип, столдун үстүнө чечимди таштап туруп, мени кызматтан четтетип коюшту. Ошондон бери мына кырк күндөн ашуун убакыт өттү. Мага байланыштуу иш боюнча тергөө бүтпөй, сотко жөнөтүлбөй, прокуратурада көпкө чейин туруп калды. Акыры тергөөчүдөн сурадым, «айтчы, деги ал аял менден эмнени каалап жатат экен?» деп.
Прокуратуранын тергөөчүсү аялдын эмне көздөп жатканын акыры Жусубалиевге түшүндүрүп айтыптыр. Микаэлдин өлүмү боюнча сот процесси жабык жүргүзүлүп, жабырлануучу тараптан маркум ырчынын бир тууган эжеси Аида Аземова катышып жаткан. Ошол Аидадан “чет өлкөгө кеткениме байланыштуу Микаэлдин өлүмү боюнча сот кандай өкүм чыгарса да макулмун, башка инстанцияларга доо арыз менен кайрылбайм” деп жаздырып, тил кат алып келүүнү сунуш кылыптыр. Кылмыш иликтөөчү ошондой тил кат алып келсе, беркилер “тиш” боюнча жазылган арызын кайтарып алмакчы болушуптур. “Бирок мен ошондой тил кат жазып бер деп Аидага кайрылганым жок. Андайга менин дитим барбады. Моралдык укугум да жок. Жакшысы, иш сотко барсын. Судья Рыскулованын да, менин да күбөлөрүбүздү угуп, иш боюнча чогулган материалды карап көрсүн. Анан туура баасын берип, туура чечим чыгарат деген ойдомун”,- дейт кылмыш иликтөөчү. Ал сот иши 13-март күнү каралмакчы.

“БЕЙКҮНӨӨ БИРӨӨНҮН МОЮНУНА ИЛГЕН ЖОКСУҢАРБЫ?” ДЕДИМ...”
Кадрдын аркасында бүдөмүк калган окуяларды маркумдун эжеси Аида Аземова да айтып берди:
Мен кылмышкер кармалды деген кабарды угарым менен кылмыш иликтөөчүгө келип кайрылдым, “бейкүнөө баланын моюнуна эле кылмышты илип койгон жоксуңарбы?” деп. Анткени бизге чыныгы кылмышкердин жаза алышы маанилүү. Эч кандай уруп-согуусуз эле Микаэлдин кызыл-ала болгон сүрөттөрүн алдына жайып, DVD менен анын клибин коюшса, Эркин “суранам, сүрөттөрдү алып салгыла, өзүм баарын айтып берем” деп кылмышты мойнуна алып, кийин кылмыш болгон жерге барып, бычактын кандай жатканын, кан болгон кийимдерин кайсы таштанды челекке салганын, дагы далай майда-чүйдө нерселерди айтып бериптир. Албетте, инимдин өлүмүн иликтейм деп жүрүп тажрыйбалуу кылмыш иликтөөчүнүн кызматтан четтетилип калышы мен үчүн да абдан жагымсыз. Ал жигиттин үй-бүлөсү бар, бала-чакасын багышы керек... Ошолорду ойлоп, тигилер талап кылгандай тил кат жазып берип коюшум керекпи? Андай кылып, айыпталуучунун кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишине жол койсом, мен өзүмдү бир өмүр кечирбейм.

ЖООПСУЗ СУРООЛОР
Бул иште көптөгөн жоопсуз суроолор турат. Мисалы, шектүү катары кармалган Эркин Турусбеков үч күн убактылуу тергөө абагында жаткан соң “ден соолугу начарлады” деген негизде ооруканага чыгарылып, анда үч ай жатып дарыланган. Бирок ИВСтен камактагылар үчүн атайы ооруканага эмес, жалпы эл дарылануучу республикалык ооруканага жөнөтүлгөн. Убактылуу камакты үй камагына алмаштыруу үчүн Эркиндин жакындары биринчи Свердлов райондук сотуна, кийин Бишкек шаардык сотко кайрылышкан. Бирок сот чечимди өзгөрткөн эмес. Анан эле “айыпталуучу үй камагына чыгарылсын” деп Башкы прокуратура токтом чыгарат. Ошентип, “ырчы Микаэлди өлтүрдү” деп айыпталып жаткан Эркин Турусбеков учурда үй камагында.
Ырчынын өлүмү боюнча сот процесси айыпталуучунун ден соолугунун начардыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө токтотулган. Иш качан каралат же кайсы бир шылтоолордун негизинде айдан-айга, жылдан-жылга уланып созулабы, азырынча так жооп жок.

P.S. Биз айыпталуучу тараптын да пикирин угууга,чагылдырууга даярбыз.

Шаиста Шатманова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(22)
11.03.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne uchun adam olturgon bala ui turmosundo jurushu kerek? Bul maseleni jakshy karash kerek, adamdyn omuru oiunchukpu? Bugun dosun olturso erten dagy kishi olturgondon kaira tartpait bul bala. Emne uchun bizde el dep ishtegender jumushtan tushushotda al emi aram ishtegender chon bolup kotorulushot?
11.03.2011. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunooluuu jazasyn alysh kerek...............
12.03.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwunday talanttuu jigitti olturgongo kantip kolunar bardy?!jok degende Kudaydan korksonor bolmok!
12.03.2011. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда качан деги адилеттуулук орнойт...
12.03.2011. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баякы лее...тууганын крутой болсо ле болдуу..кыргыздар онолбойбуз го минтип журсоокк...кунолуу болгон сон оз жазасын алыш керек...
12.03.2011. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш билиш..коррупция дагы деле бар экен да
12.03.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таанышын болсо танкасын,тааншын жок болсо кочдогу манкасын деген ушулда
13.03.2011. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгулачы жакшы адамдар толтура кыргызда оптимист болгулачы тунуло бербей
14.03.2011. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мотив? Себеби жок эле адам олтурбойт го...
14.03.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах өзү билет анан жазасын берет бул дүйнөдө болбосо аркы дүйнөд ИНШААЛЛАХ!!!
14.03.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oozu kyishyk bolso da baidyn uulu suilosun degen ushu da, Bugun al akmak dosun olturso erten osho tishi syngan enesin orturooru abzel. aitty koidu debegile!!! Tigi balanyn ata enesi demek nachar adamdar, balasyna berge tarbiasy osho da adam olturuu.
Urmattu ichki ishter bolumu korrupziany jogotup chyndykty danktap chygyp adal ishterdi jazasanar bolo!!!
Kan kubalap jon koe berbeit degen bar, bugun Mikaeldin ata enesi syzdap jatsa erten ele Erkindiki jysdap kalat!!!
15.03.2011. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолу адам созсуз турдо мыйзам чегинде оз жазасын алышы керек!
15.03.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй адамзаты адамдардан коркпосонор да алладан корпойсунарбы? Бул жалган дуйнонун кызыгына батып акыреттеги жашоону унутуп баратабыз! Азыр да кеч эмес. Японияда эмне болгонун баарынар эле уктунар кордунор!Ойлонгула!
16.03.2011. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул бала жонундо макала чыкса эле журок кейит, куноолуну жазалаш керек,(напсиге таянгандар) Алла бар ал оз жазасын берет
16.03.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентке кат жибериш керек.МВДнын экс кызматкери менен апасынын (фамилиясына караганда Рамис Рыскуловдун кызы го дейм)тергоо ишине нагло бут тосуп,тергоочуну подставить этип жатканын ачык жазып,далилдери менен коргозуп. Болбосо биз жаштар дагы бир жолу чогулсак ал уй було эмес президентти да алып тушобуз!!! Так что коздорун ачышсын!!!
16.03.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdi oltyryp koiyp aman so bashin kotoryp jyrso al dagi kudaidan kelgen sinoo oshonu ozy tyshynso.Mikaeldin jatkan jeri jailuu bolsun. Men da ugup alip abdan keiidim kachan zakon ishteit ozy bizde. `
17.03.2011. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигиге айтуу керек, буга айтуу керек дейбиз, ал ошолор тиги канкорду бошотуп. ага болушуп жатсачы. Эн чондун атьын сатып чуркап журуп ...
Кудайым бар эмеспи баарыбир бир куну таразасына салып, оз жазасын берерине ишенем
18.03.2011. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balkim erkinde kunoo joktur kim bilet, a birok olturso anyn bir sebebi bardyr. jondon jon ele 4ymyn u4pait go. anyn da bir nersesi bolgondur da, kantse da akyrette Adilettuu Sottun aldynda joluguwat emespi?!
18.03.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык Боорум ачып жатат Микаельге!Байдын баласы эле болсо эмне?Жазасын алыш керек ал акмак!
18.03.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde ushunday korrupsya 4onoyup ketti,emi kimge isheneerindi da bilbeysin.Mamleket daje zakon ishtebegenden kiyin toluk 4e4im 4ygyshy kyiyn.birok ushindaylarga biz jashtar jol berbeshibiz kerek.A kunoolu oz jazasyn alsyn dep men da jogorudagylarga koshulam
01.04.2011. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Микаэль менин жакын досторумдун бири болчу!!! мындай талантуу инсанды бизден айрылткан акмак жазасын катуу алышы керек
08.06.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтургон киши жазасын катту алыш керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: