|
Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)№1216
Бир күнү Тинатин кайрадан гүл дүкөнгө киргенде Марат артынан кирип келип, жай гана: – Көрөбүз, сен мага аягына чейин каршы чыга аласыңбы?- деп жылмайды. Тинатин башын чайкап, колун көтөрдү: – Сен абдан эле кыялкеч экенсиң,- деди ал кайдыгер карай. Бирок ичинен Мараттын өжөрлүгүнө кызыга баштады. Ошентип шаарда, түнкү көчөлөрдө, чакан гүл дүкөндө ар кандай күтүүсүз жолугушуулар орун алып жатты. Марат үчүн бул жөн гана көңүл ачуу болчу, ал эми Тинатин үчүн жашоонун жаңы сюрпризи сыяктуу эле. Марат артынан чуркап жүргөнү менен, жүрөгү дагы деле толук ачыла элек, чындап сүйбөгөн абалда. xxx Маратты достору “Мара” деп чакырышчу. Нурдин же “Нурик” деген досу Марат менен бирге “шефи” тарабынан тапшырылган шаардагы бардык тапшырмаларды аткарып жүрчү. Алар үчүн бул жөн гана иш эмес, стратегия, тактикалык оюн жана жашоонун чыныгы сынагы болчу. Бир жолу түнкү тапшырмалардын бири учурунда Нурик минтип айтты: – Мара, бүгүн так иштешибиз керек, азыркы учур оңой эмес. Алар ар бир кадамды ыкчам, бирок пландан чыкпай жасашчу. Мараттын сүрдүү мүнөзү, тайманбастыгы, ылдамдыгы Нурикти таасирлентчү. Нурик болсо андан жаштык энергиясы, чечкиндүүлүгү жана достукка берилгендиги менен айырмаланчу. Тинатин күн батып бараткан учурда университеттен чыкты. Көчөдө адамдар кыйма-чийме кыймылдап, биринен-бири шашылгансып, автоунаалардын шуулдаган добушу аба жаңыртып жатты. Дал ушул учурда Марат да ага жолукканы ашыгып күтүп турган. Ал Тинатинди көргөндө маанайы көтөрүлүп, жадырай жылмайды. Тинатин алды жагын карады. Марат дагы алдынан тосуп чыкканын көрдү. – Сен... кайра эле сенби?- деди жактырбагандай. – Ооба, учурашып кетейин дегем,- деди Марат сыр алдырбай. Бул күнү экөө бир топко сүйлөшө басып, кеч киргенде эки жакка кетишти. xxx Күздүн акыркы күндөрүнүн бири эле. Университетте жакшы окуган студенттер үчүн эл аралык экскурсия уюштурулуп, алар Стамбулга бара турган болушту. Тинатин бул кабарды укканда бир аз ишене албай турду. Ал буга чейин өз өлкөсүнөн алыс чыкпаган, дүйнөнү китептерден, карталардан жана кыялдарынан гана көрчү. Учууга бир нече саат калганда аэропорттогу жарыктар, адамдардын ызы-чуусу, учактардын үнү, баары анын жүрөгүн бат-бат согууга мажбур кылды. – Чын эле кетип жатабызбы?- деди жанындагы курбусу Айгүлгө акырын. Айгүл жылмайып: – Албетте! Биз Стамбулга баратабыз! Учак асманга көтөрүлгөндө иллюминатордон көрүнгөн шаар жарыктары жылдыздардай алыстап бара жатты. Тинатин биринчи жолу дүйнө канчалык чоң экенин сезди. Бир нече сааттан кийин алар Стамбулга конушту. xxx Стамбул... Түнкү шамалында тарыхтын жыты бар шаар. Көчөдө адамдардын түркүн добушу, алыстан угулган азан үнү, Босфордун үстүнөн соккон салкын жел, баары бир керемет дүйнөгө окшош болчу. Эртеси күнү студенттер шаарды кыдырышты. Байыркы көчөлөр, таш жолдор, кооз мечиттер, тарых менен заманбап дүйнө аралашкан шаар Тинатинди таң калтырды. Бирок эң унутулгус учур кечинде болду. Студенттер автобустан түшүп, Босфор жээгине жакындашты. Тинатин жай басып, башкалардан бир аз алыстап кетти. Ал биринчи жолу деңизди жанынан көрдү. Көз алдында чексиз көк мейкиндик толкун болуп кыймылдап жатты. Шамал анын чачын акырын желбиретип, балырдын жыты мурунун өрдөп кетти. Толкундардын үнү жай, бирок күчтүү. Тинатин токтоп калды. Ал жашоосунда биринчи жолу деңиз менен бетме-бет турган. – Бул ушунчалык чоң экен...- деп акырын шыбырады ал. Күндүн батышы деңиздин үстүн алтын түскө боёп, асман кызгылт-көк түскө айланып жатты. Ошол учурда Тинатиндин жүрөгүндө бир нерсе өзгөргөндөй болду. Ал деңизге карап туруп, түшүнүксүз бир сезимди сезди – эркиндик, чексиздик жана жашоонун жаңы барагы. Толкундар жээкке келип, кайра артка кайткан сайын анын ойлору да тереңдеп жатты. Балким, дал ушул деңиз анын келечегин өзгөртөт. Балким, бул жерден анын тагдыры өзгөчө башталат. Ал азырынча билген жок... Дал ушул деңиз анын жашоосундагы эң чоң окуяларга күбө болорун. Бүгүнкү күн деңизде 1001 күнгө созулган тагдырдын башталышы экенин... Тинатин толкундарды карап жылмайды. Шамал анын чачын желбиретип, деңиз “кош келдиң” деп акырын шыбырап жаткандай сезилди. Тинатин деңиз боюнда көпкө туруп топтогулардан артта калганын сезе селт эте түштү. Алар алдыга жылып кетишкен эле, ал жалгыз калды. Жүрөгү туйлап, көзү алаңдай эки жакты карап, топту табууга аракет кылды. Бирок дал ошол маалда күтүүсүз окуя болуп кетти: велосипедчен эки киши Тинатин турган тушка келгенде бири-бирин сүзүп алышты. Бири Тинатинди жөөлөй жыгылып, Тинатин деңизге түшүп кетти. Сууда жан далбастап, улам башын суудан чыгарган сайын толкун келип бетке уруп кыздын шайы кетип баратты. Велосипедчен кишинин бири кызды көздөй сууга секирип, аны кучактай тартып жээкке алып чыкты. Суудан чыкканда ал “куткаруучуга” карап, коркуудан титиреп турса да жүзүн жылмаюу аралай түштү. Убакыт токтоп калгандай, Стамбул деңизинин муздак, бирок жагымдуу шамалы бул экөөнүн бир кызыктай абалын кубаттап тургансыды. Бул жигиттин аты Бекзат эле. xxx Күн акыркы нурларын жээкке чачып, деңиздин үстүндө алтын түстөгү сызыктар жылтырап жатты. Бекзат үшүп турган Тинатиндин үстүнө көйнөгүн жаба кам көрүүнүн амалында эле. Тинатиндин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Ал аны бир көргөндө эле жактырып, ичинен анын ар бир кыймылына ыраазы болуп жатты. Көздөрү менен сүйлөшкүсү келгендей, ал жөн гана ошол жерде турду, деми токтогондой... Бекзат да анын көздөрүнө тигиле бир карап, кайра көздөрүн ала качты. Бул жөн гана көз караш эмес, бири-бирине тартылуу, ортодогу сырдуу эмоцияны билдирген тынч, бирок күчтүү сигнал эле. Экөө жанаша отуруп, бири-бирине ыктап, акырын сүйлөшүп жатышты. – Сен... Стамбулду жакшы көрөсүңбү?- деп сурады Тинатин назик үн менен. – Ооба,- деп жооп берди Бекзат жылмая. – Бул жерде ар бир көчө, ар бир имарат өзгөчө сезилет. Тинатин бир нерсе айткысы келип, бирок ылайыктуу сөз таба албай, жөн гана жылмайды. Бир маалда Бекзат чөнтөгүнөн блокнот алып чыгып, бир барагына бир сандарды жазды да Тинатинге сунду: – Бул менин номерим... Эгер жардам керек болсо, чал. Тинатин жеңил калтыраган колу менен кагазды алды. Ал эч нерсе айта алган жок, жөн гана көздөрүн Бекзаттан албай турду. – Рахмат...- акырын үн чыгарды Тинатин, ал да жылмаюуга аракет кылып. Бирок жүрөгү туйлап жатканын байкатпады. Бекзат жөн гана башын ийкеп, бир аз артка чегинди. Анын кара көздөрү Тинатиндин көздөрүнө кадалды. Ошол учурда Тинатиндин шериктери жакындап келип, ызы-чуу, күлкү экөөнүн ортосундагы жагымдуу тынчтыкты бузуп салды. – Тинатин, сен бул жакта белең? Биз сени таппай калдык!- деп чуркап келди бир тайпалашы. Ушул учурда ал Бекзат менен коштошуп жатты. – Макул, көрүшкөнчө...- деди жылмая. Автобуска түшүп жөнөп кеткенче деңиз жээгинде турган Бекзатты көзүнөн чыгарган жок. Автобус акырын ордунан жылып Стамбулдун кооз көчөлөрүн аралай жөнөдү. Тинатин терезеден сыртка карап, шаардагы кооз архитектура, сүрдүү деңиз, ак чардактар Стамбулдун сулуулугун арттырып турганын көрүп жүрөгү магдырады. – Мына, султандык сарай,- деп көрсөттү гид терезеден. – Бул жердин ар бир ташы баалуу тарых,- деп кошумчалады. Тинатиндин көзү деңизге ала качты. Ал жакта Бекзат аны карап тургандай элестетип, жылмайып баратты. Башкалары гиддин сөзүнө кулак төшөп, а Тинатин өз дүйнөсүндө жыргап жатты. Бул күнкү экскурсия жөн гана таанып-билүү эмес, ал биринчи жолу көргөн Стамбулдун сулуулугу, биринчи сырдуу сезимдер жана достор менен бөлүшүлгөн мүнөттөрдүн жыйындысы болду. Тинатин көзүнөн Бекзаттын элесин кетирген жок. Ал билип турду: бул саякат, бул күн, бул мүнөттөр алардын ортосундагы улуу сезимдин башаты экенин.
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |