|
Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)№1218
Илим менен Тамчы бакчада отурганын, андан кийин Тамчы кирип кеткенин, Илим үңкүйүп отуруп кала бергенин Казат ата терезеден байкап турду. “Эмне үчүн жашоо ушунчалык оор?” деп сураган андан Гүлай канча бир жыл мурун. “Анткени – бул сүйүү. Сүйүү дайыма жеңил болбойт” деп жооп берген эле. Акылы чабыттап, ошол убактарга кетти. ххх Казат менен Гүлай да өз тагдырларын көтөрүп, анын оордугуна башын ийген адамдар болчу. Алар бири-бирин ушунчалык жакшы көрүштү. Тасмаларда, кинолордо көргөн, акылды адаштырган сүйүүнү булар реалдуулукта баштан кечиришти. “Дүйнөнүн бир тузу кем жаралган” деген чындык белем, Жараткан аларга өзгөчө сүйүү бергени менен, бала берген жок. Бирок мындан отуз жыл мурун эки жаштагы эркек баланы көл жээгинен таап алышып, ата-эне болуу бактысына ээ болушкан. Көлдүн жээги ал күнү адаттагыдай тынч эле. Казат менен Гүлай пансионатка эс алууга келишкен. Анткени Казатка илимдер академиясынан чоң долбоорго жетекчилик кылууга сунуш түшүп, ошону ойлонуу үчүн шаардан келишкен эле. Терең ойлонууга жана чечим чыгарууга дайым көлдүн ушундай тынч жээгин тандашчу. Пляждагы эс алуучулар тарап, көл жээги ээн эле. Казат менен Гүлай ичтен жеген кайгысы менен унчукпай басып жүрүштү. Алар көптөн бери бала күтүп, бирок акыркы үмүт деп карманып турганда чет өлкөлүк мыкты дарыгерден терс жооп келди. “Мүмкүн эмес” дешти. Дарыгердин үмүтсүз жообун кабыл алуу аларга оор болду. Мындай тынч кечтерде көбүнчө унчукпай басышчу, экөөнүн ортосунда айтылбаган кайгынын оордугу экөөнө эле дайын эле. Казат алдыга кетип, анын аркасынан изин улай Гүлай кетип бара жаткан. Аба сууй түштү. – Бишкекке кетеличи,- деди Гүлай акырын. Казат жооп бере электе алыстан бир үн угулду. Ал шамалдын же суунун добушу эмес эле. Ал баланын ыйлаганына окшош үн болчу. Экөө элейип бири-бирин карап калды. – Уктуңбу?- деди Гүлай аны колдон ала. – Ооба, бала ыйлап жаткандай... Экөө үн чыккан тарапка шашылышты. Көл жээгинен бир аз алысыраак, камыш арасында кумга отуруп ыйлап жаткан кичинекей баланы көрүштү. Эки жаштарда, үстү кир, көзү жашка толгон. Баланын периштедей сулуулугу экөөнү тең арбап алгандай болду. Капкара каректер чочуркап эмес, жардам сурап карап тургандай. – Кудай ай... Гүлай тизелеп жанына отура калды. Көкүрөгү зыркырап кетти, көзүнөн жашы кулады. “Бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ушул. Кантип унутуп кетип калышты баланы?” деп ойлоду. Казат да нес болгондой баладан көзүн албайт. – Ким сени бул жерге таштап кетти?- деди аял ый аралаш. Бала жооп иретинде колун сунду. Гүлайдын дүйнөсү өрттөнүп кетти. Бул сүйүүнүн өртү эле. Баланы колуна ала албай жатты. Наристе жакындап, анын көйнөгүнө жармашты. Ошол көз ирмем эненин жадында түбөлүк сакталып калды. Болгон дүйнөсү менен балага эңиле берди, кучактады, бооруна кысты. Кандайдыр бир сезим ал зар болгон наристе ушул экенин сезди. Казат тегеректи карады, эч ким жок. Жол жок, из жок. Бул бала бул жерде жалгыз. Жанында эч нерсе жок, кийим-кече, упчу... Жөн гана бир буюмду унутуп кеткендей таштап кете беришкенин көр.
– Милицияга кабарлайлы,- деди ал акырын, бирок үнүндө ишеним жок эле. – Жок!- деди Гүлай, баланы коё бербей кучактап. Тиги анын көкүрөгүнө башын коюп, ыйлаганын токтотту. – Жинди болбо, Гүлай! – Мен сенден ушул кезге чейин бир нерсе сурадымбы? Биринчи жолу жана акыркы жолу сурап жатам. Алып кетели, баланы... – Сен жиндисиңби? Бирөөнүн баласын кантип алып кетесиң? Унутуп калышкан чыгар... Келишет азыр. – Жок, муну таштап кетишкени көрүнүп турат. Карачы кебетесин, жакшы каралбаган, кир, араң эле жаны калыптыр. Демек, кимдир-бирөө бага албай таштап кетти. – Соттолуп кетебиз. – Мейли, баарына кайылмын. Мен жооп берем. Казат аялына эмне дээрин билбей калды. Чындыгында логикага, акылга таянган учурлар өчүп, бир гана жүрөктүн түрсүлү чечим чыгарган учурлар болот. Жүрөктөр дүкүлдөп кагып жатты. ххх Окуядан кийин Казат менен Гүлай пансионатта болушту. Бир нече күн текшерүү, суроо, күтүүлөр менен өттү. Эч ким издеген жок баланы. Эч кандай арыз түшкөн жок. Акыры экөө тең бул бала кимдир-бирөөнүн унутулган тагдыры болгонун моюнуна алышты. – Эми эмне кылабыз?..- деди Гүлай бир түнү, уктап жаткан периштедей баланы карап. – Билбейм, эч ким издеген жок. Акылым айран...- деди Казат. – Эгер биз албасак, ал балдар үйүнө кетет. Ал жакта аны ким кучактайт? Кудай үчүн, ушул баланын ата-энеси бололу. Казат унчуккан жок. – Мен аны таштай албайм,- деди Гүлай акырын. – Демек...- Казат терең дем алды. – Биз аны багып алабыз. Бирок чындыкты андан эч качан жашырбайбыз. Эс тарткандан тартып ал биздин эмес, башканын баласы экенин билүүгө тийиш. Мени билесиң, калпты жашоомо жакындата албайм. Эгерде ушундай шартты кабыл алсаң гана баланы багып алабыз. Баланы багабыз, бирок ал биздики эмес экенин кичинесинен билиши керек. Гүлай жооп берген жок. Ал жөн гана уктап жаткан баланын жанына барып, үстүн жапты. Бул анын шартка макул экенинин белгиси болчу. Ошентип бала деп зар какшап жүргөн жубайлар уул баланы кучактап Бишкекке келе беришти. Мындан кийин деле баары тынчып кеткен жок. Качан бир нерсе болуп кетер экен деген сарсанаа экөөндө тең бар эле. Эки ай өткөндө балага Илим деп ат берип, өздөрүнө каттатып алышты. Ал бала Гүлай үчүн бош жүрөктүн толушу болду. Казат үчүн жоопкерчилик жана абийиринин чыныгы сыноосу эле. Көл жээгиндеги ошол күн – алардын бактысынын башаты гана эмес, келечектеги оор суроолордун да башаты экенин алар кийин түшүнүштү. Анткени ар бир табылган тагдырдын артында жоголгон чындык жашайт эмеспи. ххх Илим беш жашка чыкты. Баладан башкача зээндүү эле, анан да чоңдордун көзүнө “мен силердин бардык сырларыңарды билем” дегендей акылдуу карачу. Гүлай менен Казат бул тууралуу көп сүйлөшүшчү. – Ал бүгүн мага башкача карады, байкадыңбы? – Көзүндө суроо бар. Демек, убакыт келип калды. – Жок! Дагы эрте... Ал али бала. Дагы бир жыл күтөлү. – Бала болсо да чындыкты сезип жатат. – А сен оңой айтып жатасың, “айтабыз” деп. Айткандан кийин эмне болот, ойлондуңбу? – Ойлондум. Күн сайын ойлоном. – Анда эмнеге жүрөгүң оорубайт сенин?.. – Ооруйт. Бирок сага окшоп коркконум үчүн аны алдабайм. – Алдоо эмес! Бул – коргоо! – Жок, Гүлай. Сен корккон үчүн алдап жатасың. – Ал мени “апа” деп чакырат. Сен айткандан кийин антпей калсачы? Ошол үн өчүп калсачы? Сен түшүнбөйсүң, мен аны төрөбөсөм да, Илимди ичимде көтөргөндөй сүйдүм. Ар бир ооруканада жаткан түндөрүндө, жаны ачыганда “апа” деди. Мени чакырды. Мен билем... – Мен да билем! Аны биринчи жолу колума алганда жоопкерчиликти сездим. Кийин оор болот, билип чоңойгону туура. – Сен катуусуң! Муздаксың. Эгер ал чоңойгондо өз ата-энеме кетем десечи? – Коё беребиз. – Кантип?! Кантип коё бересиң?! – Ата-эне болуу – кармап калуу эмес, керектүү учурда коё берүү. – Мен андай эне боло албайм. Бул эң оор сыноо... – Бирок сен буга чейин сыноонун эң оорун көтөрдүң. Каныңдан эч качан бала жаралбай турганын билдиң. Бул да ошондой сыноонун бири. Анчалык жоготпо өзүңдү. Бул бир долбоор, ата-эне болбосок да бир илимдүү баланы тарбиялап чыга турганыбыздын далили. Биздин коомго бере турган нерсебиз ушул бала. – Казат... Биз аны тапкан күндү эстейсиңби? – Эстейм. Сен ыйлап жибергенсиң. – Ошондо мен Кудай мага кечирим берип жаткандай сезгем. Биздин күнөөлөрүбүз үчүн... – Андай эмес. Ар бир күнөө үчүн адам өзү жооп берет. Бул бала бизге ишенип тапшырылды, болгону ошол. Бизге бир кыйын адамды чыгаруу милдети жүктөлдү. – Илим сага робот эмес, бала! Акыл менен эмес, жүрөк менен жашаганды качан үйрөнөсүң? – Баары жакшы болот, мага ишен. – Эмне үчүн жашоо ушунчалык оор? – Анткени – бул сүйүү, Гүлай. Сүйүү дайыма жеңил болбойт. Экөө тең үнсүз калышты. Бирок бул жолку тынчтык катуу бороондун алдындагы алдамчы жымжырттык эле...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |