|
Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1181
1182
1183
1184
1185
1186
1187
1188
1189
1190
1191
1192
1193
1194
1195
1196
1197
1198
1199
1200
1201
1202
1203
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Таалайбек Кулмендеев, кинорежиссёр: "КӨРҮҮЧҮНҮН ЫЙЛАШЫ – КИНОНУН МЫКТЫ ЭКЕНИН БИЛДИРБЕЙТ"№1221 Кино дүйнөсүнө саякатка чыгалы, окурман. Бул дүйнөгө сизди белгилүү кинорежиссёр Таалайбек Кулмендеев жетелеп, кыргыз киносунун дарамети тууралуу кеп кылып берет. Каарманыбыздын “Мунабия” аттуу тасмасы эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишкени белгилүү. Учурда “Жусуп” тарыхый тасмасынын үстүндө иштеп жатыптыр.
– Саламатсызбы, Таалай ага? Учурда кайсы тасманын үстүндө иштеп жатасыз? – Саламатчылык. “Жусуп” тасмасынын акыркы эпизоддорун тартуу боюнча Санкт-Петербург шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол иштер менен жүрөм. – "Жусуп" тасмасы кадимки Жусуп Абдрахманов тууралуу болуш керек, учурда кайсы этапта? – “Жусуп” тасмасы тартылып бүтүү этабында. Буюрса, тасманын бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген. Эгемендиктин 35 жылдыгына, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып тартылууда. Буюрса, ошого чейин бүтөт. – Жусуп Абдрахманов тууралуу тасма тартуу чечимин кантип, эмнеден улам кабыл алдыңыз? – Режиссёр катары Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестинин негизинде “Бала жана деңиз” аттуу көркөм тасма тартууну пландап жүргөм. Ага чейин Жусуп Абдрахманов тууралуу кино тартууну демилгелеген элем. Бирок Кинематография департаментинде ал идеяны ишке ашырууда бир катар бюрократиялык тоскоолдуктар жаралды. Ушундан улам бул ишти ишке ашырууга биротоло бел байлап кириштим. Бул тасманы тартууну каалаганымдын дагы бир себеби – ал инсандын тарыхтагы орду чоңдугу жана тагдырынын татаалдыгы. Ал мамлекеттүүлүктүн калыптанышына чоң салым кошкон, ошол эле учурда саясий репрессиянын курмандыгы болгон. Мындай тагдыр – кино үчүн абдан күчтүү драматургиялык материал. Руханий жактан да окшош жактарыбыз бар. Анын принципиалдуулугу, мамлекет үчүн жоопкерчилик ала билгени жана оор шарттарда да өз позициясын сактаганы мага жакын. Бул сапаттар бүгүнкү күндө да маанисин жоготпойт. Ошондуктан бул тасма аркылуу анын образын жаңы муунга жеткирүүнү максат кылдым. – Кыргыз киносу боюнча комиссиянын мүчөсү элеңиз, учурда жакшы жакка өзгөрүүлөр байкалып жатабы? – Улуттук кинематография боюнча кеңеш өзүнүн негизги миссиясын жана багытын дагы такташы керек, системдик жактан бекемделүүгө муктаж деп ойлойм. Бул багытта ачык-айкын стратегия болушу шарт. Акыркы жылдары оң жакка өзгөрүүлөр байкалууда. Айрыкча жаш режиссёрлорго мүмкүнчүлүктөр кеңейип, жаңы демилгелер пайда болуп жатканы кубандырат. Бирок каржылоо механизмдери, долбоорлорду тандоодогу ачык-айкындуулук жана продюсерлик институтту өнүктүрүү сыяктуу системдик маселелер дагы деле актуалдуу бойдон калууда. Жалпысынан алганда, оң жылыштар бар. – Кыргыз киносунда азыр эң чоң өксүк эмнеде деп ойлойсуз: сценарий, актёрдук потенциал же көрүүчүнүн суроо-талабыбы? – Кыргыз киносундагы негизги маселе бир эле фактор менен түшүндүрүлбөйт. Бул – сценарий, актёрдук деңгээл жана көрүүчүнүн табити бири-бири менен тыгыз байланышкан жалпы систем. Ошол эле учурда эң негизги көйгөй – сапаттуу сценарийлердин жетишсиздиги. Дал ошол жерден фильмдин идеясы, драматургиясы жана көркөм логикасы калыптанат. Сценарий начар болсо, күчтүү актёрдук курам да, режиссёрдук чечим да тасманын толук ачылышын камсыздай албайт. Мындан тышкары көрүүчүнүн табити да олуттуу өзгөрдү: азыр аудитория тез ыргакты, визуалдык сапатты жана актуалдуу темаларды талап кылат. Бул факторлор киноиндустрияны жаңы талаптарга ылайык өнүгүүгө түртүп жатат. Жалпысынан алганда, бүгүнкү кырдаалды өнүгүү босогосундагы этап катары карасак туура болот. – Учурда тартылып жаткан кинолордун көбү элди ойготпойт, ойлонтпойт, эки саатка гана алаксытат деген пикирлер бар, сиздин оюңуз кандай? – Бир эле багыт менен баалоо туура эмес. Арасында ойлондуруп, таасир берүүчү тасмалар да, көңүл ачууга багытталган коммерциялык долбоорлор да бар. Менин оюмча, негизги маселе – кайсы кино тартылганында эмес, сапат менен мазмундун тең салмагында. Ошол тең салмактуулук сакталса, кино да өнүгөт, көрүүчү да кызыгуусун жоготпойт. – Режиссёр катары сизди эң көп коркуткан нерсе эмне, акча тартыштыгыбы же идеянын түгөнүшүбү? – Режиссёр үчүн экөө тең маанилүү фактор. Бирок мени көбүрөөк ойлондурганы — идеянын жетишсиздиги. Каржылоо маселеси чечиле турган нерсе, ал эми күчтүү идея болбосо, акча аны мыкты фильмге айландыра албайт. – Кыргыз режиссёрлорунун көбү эмнеге трагедияга жакын деп ойлойсуз? Көрүүчүнүн ыйлашы – бул жакшы кинонун белгисиби? – Кыргыз режиссёрлорунун трагедияга жакын болушу бекеринен эмес. Биздин тарыхта да, адабиятта да күрөш, сыноо жана оор тагдырлар көп чагылдырылган. Ошондуктан бул темалар кинодо да табигый түрдө кайталанып келет. Бирок көрүүчүнүн ыйлаганы дайыма эле жакшы кино дегенди билдирбейт. Эмоция маанилүү, бирок негизгиси ошол эмоциянын артында терең ой жана идея болушу абзел. – Кыргыз киносунда жасалмалуулук көптөй сезилет, сиз муну моюндайсызбы? – Жасалмалуулук жок деп толук четке кагуу кыйын. Бул көбүнчө сценарийдин жазылышынан, диалогдордун табигый болбогонунан же каармандардын жетиштүү ачылбай калышынан байкалат. Ошол эле учурда табигый, күчтүү жана сапаттуу тасмаларды жаратып жаткан режиссёрлор да бар. Демек, бул жалпы индустрияга мүнөздүү көйгөй эмес, айрым долбоорлордун гана деңгээлине байланышкан маселе. – Айрым тасмалар фестиваль үчүн тартылып, калың элге жетпей калат. Негизи кино эл үчүн тартылышы керекпи же сынчылар, жеңиш үчүнбү? – Кино биринчи кезекте эл үчүн тартылышы керек деп ойлойм, анткени кинонун жашоосу – көрүүчү менен байланышта. Бирок бул сынчыларды же фестивалдарды четке кагуу дегендик эмес. Идеалдуу учурда жакшы кино үч нерсени тең кармайт: көрүүчүнү кызыктырат, сынчыларды ынандырат жана фестивалдык деңгээлге жооп берет. Жеңиш же сыйлык – бул башкы максат эмес, натыйжа болушу керек. Негизги максат – сапаттуу жана чындыкка жакын кино жаратуу. – Сиз тарткан тасмаларда өзүңүздүн жашооңуз канчалык деңгээлде камтылган? – Менин тасмаларымда жеке жашоомдун түз көчүрмөсү дээрлик жок. Бирок адам катары көргөн-билгендерим, тажрыйбам жана ички байкоолорум сөзсүз түрдө камтылат. Режиссёр үчүн эң маанилүүсү – жеке окуяны эмес, жалпы адамдык сезимди жеткирүү. Ошондуктан мен көбүнчө жеке жашоону түз колдонбой, аны көркөм образ аркылуу жеткирем. – Биздин улуттук кино дүйнөгө эмне айта алат? Өзгөчөлүгү эмнеде? – Кыргыз киносу дүйнөгө эң биринчи кезекте адамдык чындыкты жана адам менен табияттын өз ара байланышын жеткире алат. Биздин өзгөчөлүк – тарыхый тажрыйба, көчмөн маданияттан калыптанган дүйнө тааным жана жөнөкөй адамдын тагдырын терең ички драматизм аркылуу ачып берүү мүмкүнчүлүгү. Мындан тышкары кыргыз киносу масштабга эмес, ички сезимге жана образдын тереңдигине таянган баяндоо стили менен айырмаланат. Бул өз кезегинде дүйнөлүк кино мейкиндигинде өзүнүн өзгөчө үнүн таба турган багыт деп ойлойм. – Азыркы жаш режиссёрлор атактуулукка шашылып жатышкан жокпу? – Жаш режиссёрлор арасында элге бат таанылуу, тез натыйжага жетүүгө умтулуу тенденциясы бар десек болот. Бул түшүнүктүү көрүнүш, анткени бүгүн мүмкүнчүлүктөр жана платформалар кыйла көбөйдү. Биздин муун үчүн негизги басым атактуулукка эмес, сапаттуу чыгарма жаратууга жана өз стилиңди, өз тилиңди табууга коюлчу. Тажрыйба акырындык менен калыптанчу. Менимче, эң маанилүүсү – шашылбай, узак мөөнөттүү чыгармачылыкка таянуу. Анткени кино тармагында чыныгы бааны сапаттуу иштер гана аныктайт. – “Эмне үчүн мен муну тарта алган жокмун?” деп сиз суктанган тасмалар барбы? – Мени суктандырган тасмалар ар дайым болуп келет. Айрыкча терең драматургиясы, табигый актёрдук оюну жана жөнөкөй, бирок күчтүү тил менен тартылган чыгармалар мага чоң таасир берет. Суктануу – атаандаштык эмес, тескерисинче, өнүгүүгө түрткү берген сезим. – Тасмалардагы кыргыз аялдарынын образы тууралуу эмнелерди айта аласыз? – Ар кандай деңгээлдеги тасмалар бар. Айрым тасмаларда аялдардын образдары терең жана ишенимдүү ачылган болсо, кээ бирлеринде жетиштүү деңгээлде иштелбей калган учурлар бар. Жалпысынан алганда, аял образдарын дагы да терең жана көп кырдуу ачуу – кыргыз киносу үчүн маанилүү багыттардын бири деп эсептейм. – Сиз тарткан эң оор сцена кайсы болгон? – Ар бир тасманын өзүнүн оор сценалары болот. Кээ бири техникалык жактан татаал болсо, кээ бири эмоционалдык жактан оор. Мен үчүн эң оор учурлар көбүнчө кадрдын техникалык татаалдыгынан эмес, сценанын ички жүгүн туура жеткирүү аракетинен келип чыгат. Каармандын сезимин табигый чыгаруу – эң чоң жоопкерчилик.
Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
| |