Өлкөдө күйүүчү май 2 апта сайын 1 сомго кымбаттай баштайт. Мындай маалыматты 18-майда өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Айтымында, азыркы учурда күйүүчү майдын баалары эски запастардын эсебинен кармалып турат.
– Азырынча биз нефтетрейдерлерге бааларды көтөрүүгө жол бербей жатабыз, анткени эски келишимдер боюнча запастар бар. Бирок 1-2 жумадан кийин бааларды көтөрүп баштоону сүйлөштүк. Бул келишимдик бааларды кууп жетүү үчүн керек, болбосо компаниялар зыянга иштей башташат,- дейт Амангелдиев.
Буга чейин Экономика министрлиги күйүүчү майдын айрым түрлөрүн кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотууну, айрым түрлөрү үчүн салыктын аталган түрүн азайтууну демилгелеген эле. Бирок бул демилге ишке ашары же ашпай турганы азырынча белгисиз. Күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн тармакты субсидиялаштыруу маселеси да каралып жатканы айтылууда.
Бийлик баанын өсүшүнө дүйнөлүк рынокту мисал кылууда. Мисалы, мурда Кыргызстан бензиндин 1 тоннасын 600 доллардын тегерегинде алса, учурда 1200 долларга жеткенин билдирди Амангелдиев.
Күйүүчү майдын баалары 1-2 аптадан кийин кымбаттай баштамакчы.