УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча 21-майда өтө турган сот жыйыны кийинкиге жылдырылды.
Анын адвокаты Икрамидин Айткулов отурумдун жылдырылышына кээ бир айыпталуучулар иштин материалдары менен толук таанышып бүтпөгөнүн жана айрым жактоочулар тарабынан түшкөн даттануулар себеп болгонун билдирди журналисттерге.
18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес. Ташиевдин 21-майдагы отурумга келери күтүлүп жаткан болчу.
Белгилей кетүүчү жагдай, сот жыйыны жабык форматта өтөт. ИИМ аталган кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгон.
Камчыбек Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылганы айтылган.