Кыргызстанга эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн. Мындай маалыматты 18-майда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министрлик тактагандай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада катталган эбола вирусунан улам эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал жарыялады. Аталган аймактарда вирустан улам өлүм менен коштолгон окуялар катталууда.
– Эбола – жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекция. Ал оору жуккан адамдын же жаныбардын каны, биологиялык суюктуктары жана булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт,- деп билдирди министрлик.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, эбола вирусунан каза тапкандардын саны бүгүнкү күнгө карата 130дан ашты. Ал эми аталган вирусту жуктуруп алгандардын саны 500дөн ашканы айтылды.
Эбола вирусунун табигый булагы деп жарганаттар, маймылдар саналат.