5-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга кайрадан поезд каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” ишканасы кабарлады. Поезд сентябрь айынын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.
5-июндан 21-июнга чейин жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 26-июндан 13-сентябрга чейин күн сайын жүрөт. Бишкектен саат 08:06да жөнөп, Балыкчы бекетине саат 12:12де жетери айтылды. Ал эми “Балыкчы пляж” токтоо пунктуна саат 12:37де жетет. Ал жактан кайра Бишкекке саат 18:40та жөнөп, борбор шаарга саат 23:11де жетип келет.
Жол кире: Накталай төлөм 180 сом, накталай эмес төлөм 150 сом, ал эми балдарга (5 жаштан 10 жашка чейин) накталай төлөм 90 сом, накталай эмес төлөм 73 сом.
Люкс вагон үчүн баалар 500-600 сом, балдарга 250-300 сом. VIP вагондо кетүү 800-1000 сом, балдарга 400-500 сом экени маалымдалды.