Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парктык-пляждык зоналарда жана жайыттарда мототранспорттор менен жүрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим экологияны коргоо, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык зоналарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында кабыл алынганы айтылат маалыматта.
Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштурууга тоскоолдук жаратпоо үчүн да ушундай кадам жасалганы кошумчаланды.