Кыргызстанда спутниктик Starlink интернети жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын расмий сайтындагы картасында көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, Кыргызстан 23-майдан тарта спутниктик Starlink интернет кызматы иштей турган аймак катары белгиленген. Колдонуучулар эми сайт аркылуу өз дарегин киргизип, туташуу мүмкүнчүлүгүн текшерип жана кызматка каттала алышат.
Буга чейин Кыргызстанда Starlink спутниктик интернетин ишке киргизүү акыркы этапта экени айтылган. Апрель айында Министрлер кабинети пилоттук долбоорду баштоо үчүн бардык зарыл уруксаттар алынганын билдирген. Анда өкмөт Starlink интернети алыскы аймактарда жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого жардам берерин белгилеген.
Улуттук байланыш оператору – “ЭлКат” компаниясы жогорудагы маалыматты тастыктады.
Starlink – бул SpaceX компаниясынын спутниктик интернет кызматы. Ал төмөн орбитадагы спутниктер тармагы аркылуу интернетке туташууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө туруктуу байланыш же жогорку ылдамдыктагы интернет жок аймактар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.