Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан 24-майда Ош шаарында орун алган, анын кесепетинен 1 жаран каза болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, аталган кызмат тарабынан окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде окуя болгон жерде болгон милиция кызматкерлеринин аракеттерин, алар тараптан өз убагында чара көрүлүшүн, көрүлгөн чаралардын толуктугун ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.
Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыла тургандыгы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, 24-майда Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болду. Милиция шектүү жаран кармалганын, ага карата “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал эми кандуу окуянын видеосу интернет желесине тарап, окуяга байланыштуу укук коргоо кызматкерлеринин аракеттери коомчулуктун сынына кабылды.