Былтыр парламенттин 7-чакырылышы “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамды кайсы бир күчтөрдүн таасири астында кабыл алган. Мындай пикирди депутат Медер Алиев 26-майда парламент комитетинин жыйынында билдирди. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Алиев мыйзамдагы “1 талапкер миңге чейин үгүтчү жалдай алат” деген норма акчалуулар үчүн мүмкүнчүлүк болуп берди деген пикирде.
– Чынында элге талапкердин идеясын, жүрүм-турумун көрүп-билип шайлоого мүмкүнчүлүк бериш керек. Баарыбыз шайлоого катышып көрдүк, мыйзамсыз байыган олигархтар барышты, эми соттун чечимисиз кимдир-бирөөнү күнөөлөгөнгө болбойт дечи, бирок эл кимдин ким экенин жакшы билет. Өткөнкү чакырылышта ушул мыйзамды кайсы бир күчтөрдүн таасири менен эле кабыл алып койдук да,- деди Алиев.
Депутат Камила Талиева Алиевдин пикирин колдоп, мыйзамдагы кемчиликтерди жоюш керектигин билдирди.