Саясатчы Ахматбек Келдибеков алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышпай турганын 26-майда социалдык тармактагы баракчасына жазды. Келдибеков 6 жылдан бери ишкерлик менен алектенип жатканын билдирди.
– 2020-жылдан бери жеке ишкерлик менен алекмин. Анткени убагында идеялык жактан бир бүтүндүккө биригип, саясатта чогуу жүргөн досторум бийликке келишти. Ошондон тарта саясат менден аярлыкты талап кыла баштады. Ошондуктан саясатка аралашпай, жеке ишкерлигим менен алек болдум. Бирок жолугуп турабыз, сүйлөшөбүз, пикир алышабыз. Жолуккан сайын айланабыздагы интригандар укмуш ушактарды чыгарышат. Эки күндөн бери тааныштарым: “Президенттик шайлоого аттанат турбайсызбы?” дешип тынбай телефон чалып жатышат. Ал тургай “Келдибеков шайлоого барат экен” деп атайын мени каралаган топ түзүлүптүр. Калп маалыматтар менен элдин башын айландыруу кимге керек? Анан калса, менин президенттикке коюу ниетим жок,- деп жазды Келдибеков.