• Тиш адамдын организминдеги эң катуу ткань болуп саналат. Курамындагы 96 пайыз минералдар анын катуулугун камсыз кылат да, тамак-аштарды тиштеп, майдалап чайнаганга мүмкүнчүлүк түзөт.
• Кээ бир жаныбарлардын тиши өмүр бою жаңыланып турат. Мисалы, акулаларда 2 апта сайын тиштер жаңыланып турса, крокодилдики бир айда жаңы тиш өсүп чыгат.
• Кол изи, көз торчосу сыяктуу ар бир адамдын тиши уникалдуу.
• Тишти бактериялардан тазалаган эң мыкты каражат – шилекей. Тиш пастасы да шилекей берген таасирди бере албайт.
• Норвегияда тиш банкы бар экенин билчү белеңиз? Ал жерде он миңдеген адамдардын сүт тиштери сакталат. Окумуштуулар убакыттын өтүшү, экосистемдин өзгөрүшү адамдардын тишине кандай таасир берип жатканын изилдеп турушат.
• Жандыктардын арасында эң көп тиши бар – бул үлүл. Үлүлдүн 25 миң тиши бар.
• Дүйнөдөгү эң кымбат тиш физик жана математик Исаак Ньютонго таандык. Анын тиши 1816-жылы өткөн Лондондогу аукциондо 35 миң 700 АКШ долларына сатылган.
• Организмдеги эң көп пайыз кальций тиштин курамында болот.
• Тиш феясын испан жазуучусу Луис Колома падыша Альфонсо XIII үчүн ойлоп тапкан. Монархтын 8 жашында сүт тиштери түшүп, анын маанайын көтөрүү үчүн жазуучу кызыктуу уламыш катары тиш феясын ойлоп тапкан. Кийин бул уламыш көп өлкөлөргө тарап кеткен. Кызыгы, Мексикада жаш балдардын сүт тишин жаздыктын алдына коюп, сүт чычкан алып кетет дешет экен.