Айрымдар үйүн, машинасын камсыздандырса, бай, атактуу адамдардын дене бөлүктөрүн да камсыздандырганын угуп жүрсөңүз керек. Анда кимдин жамбашы кымбат, кимдин буту кымбат экенин чогуу билип алалы.
Дэвид Бекхэмдин буту – 195 миллион доллар
Атактуу футболчу, учурда жеке ишкерлик, чыгармачылык менен алектенген Дэвид Бекхэм эки бутун түрдүү жаракаттардан коргоо үчүн 195 миллион долларга камсыздандырган. Бул камсыздандыруу анын спорттук карьерасы токтой электе эле 2006-жылы ишке ашкан. Азыр жарнамалык келишимдер үзгүлтүксүз болушу үчүн да буттары коопсуз болушу шарт.
Криштиану Роналдунун буту – 144 миллион доллар
“Бекхэмден эмнем кем?” дегендей эле учурдун атактуу футболчуларынын бири Криштиану Роналду да буттарын камсыздандырган экен. Дэвид мырзаныкына караганда бир аз “арзаныраак”, тагыраагы, 144 миллион доллар.
Жулия Робертстин жылмаюусу – 30 миллион доллар
Голливуд актрисасы, “Красотка” тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган Жулия Робертстин жылмаюусу – анын имиджинин, образынын негизги өзгөчөлүгү делет. Мына ушул өзгөчөлүгүн ал 30 миллион долларга камсыздандырып койгон.
Мэрайя Кэринин үн байламталары –
35 миллион доллар
Назик үндүү ырчы Мэрайя Кэринин үн байламталары 35 миллион долларга камсыздандырылган. Эгер бир жаракат алып үн байламталары жабыркаса, ырчылык карьерасы коркунучка кабылса, ырчы камсыздандыруу менен өзүн акчалай жактан камсыз кыла алат экен.
Кымбат жамбаштар
Дүйнөдөгү “атактуу” жамбаштар албетте, Женнифер Лопес жана Ким Кардашьянга таандык экени талашсыз. Актриса, ырчы Женнифер Лопес жамбашын 27 миллион долларга, ал эми шоувумен Ким Кардашьян 21 миллион долларга камсыздандырып коюшкан.