3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер талкууланды. Жыйынтыгында депутаттар 8 талапкерди тең жактырышты. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, БШКнын мүчөлөрүнүн саны 12ден 8ге кыскартылган. Президент сунуштаган 4 талапкер булар: Алмаз Айбалаев, банкир, каржы адиси жана мамлекеттик кызматкер. Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңештин V чакырылышында вице-спикер болгон. Ал эми парламент сунуштаган 4 талапкер төмөнкүлөр: Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы. Сүйүнбек Касмамбетов мурдагы мамлекеттик катчы. Лейла Лурова Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Тимур Оторабев инженер.
Тынчтык Шайназаров кайрадан БШК төрагасы болуп шайланды.