Жогорку Кеңеш 4-июнда өлкөдө жынысты алмаштырууга каршы сунушталган мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечилердин бири, депутат Болот Сагынаев мыйзам долбоору Кыргызстанда үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту коргоо, улуттук-маданий өзгөчөлүктү жана салттуу баалуулуктарды сактоо максатында иштелип чыкканын айтат.
– Заманбап медициналык мүмкүнчүлүктөр жынысты коррекциялоо процедурасын барган сайын жеткиликтүү кылууда. Бирок бул чөйрөдөгү мыйзамдар технологияларга караганда алда канча жай өнүгүп, укуктук боштукту жаратууда. Ошону менен бирге трансгендердик жана гендердик иденттүүлүк маселелери көбүнчө салттуу руханий, диний жана адеп-ахлактык түшүнүктөр менен терең карама-каршылыкка келерин түшүнүү маанилүү. Бул болсо коомдук консенсуска жетишүүдөгү негизги татаалдыкты түзөт,- деди Сагынаев.
Азыркы учурда жарандардын паспортторундагы жынысы жөнүндө жазууну медициналык маалымкаттардын негизинде өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө өбөлгөлөр түзүлгөнүн кошумчалады.
– Андыктан улуттук-маданий негиздерди, үй-бүлөнүн конституциялык баалуулуктарын, демографиялык кызыкчылыктарды жана коомдук коопсуздукту коргоонун артыкчылыгын жетекчиликке алуу менен, жарандык абалдын актыларында жана башка документтерде жынысы (биологиялык жынысы) жөнүндө жазууну өзгөртүүгө бир беткей тыюу салуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат,- деди демилгечи депутат.