Дарбыз калориясы төмөн продукт, 100 граммында 30 килокалорий бар. Курамында С, В тобундагы витаминдер, калий, магний, кобальт сыяктуу пайдалуу минералдар жана антиоксиданттар бар. Чаңкаганда суусунду кандырат, организмде суу балансын толуктап турат. Дагы кандай пайдасы, ошону менен бирге зыяны бар экенин айтып беребиз.
Пайдасы
+ Жүрөк-кан тамыр системи. Курамында көп өлчөмдө калий жана магний болгондуктан, кан басымды калыпта кармап, жүрөккө күч келүүнүн алдын алат.
+ Заара кубалоочу таасирге ээ. Андыктан организмдеги ашыкча топтолгон сууларды чыгарууга жардам берет.
+ Зат алмашууну жакшыртат. Кобальт метаболизмди жакшы иштөөгө көмөк көрсөтөт.
+ Антиоксидант. Курамындагы ликопин өнөкөт сезгенүүлөр менен күрөшүүгө жардам берет.
Зыяны
- Кант диабети. Жогорку гликемикалык индекске жана канттын жогорку деңгээлине байланыштуу дарбызды ченеп колдонуу сунушталат.
- Ашказан-ичеги оорулары. Дарбызды ашыкча колдонуу ич көбүүгө жана ич өтүүгө алып келиши мүмкүн. Ашказан жарасы, гастрит жана панкреатит сыяктуу оорулар курч кармап турган маалында дарбыз жегенге болбойт.
- Бөйрөк оорулары. Бөйрөк кемтиги, бөйрөктө жана заара чыгаруучу органдарда таш бар учурда дарбыздын заара кубалоочу таасири аталган ооруларды өөрчүтүп жибериши мүмкүн. Андыктан абайлоо керек.
- Нитраттар. Дары-дармек көп кошулуп өстүрүлгөн жана бат бышуусу үчүн нитраттар колдонулган дарбыздар өзүнө химикаттарды көп топтоп калат да, жегенде организм ууланып калышы мүмкүн.
Эскертүү! Дарбызды бир жегенде 400-500 граммдан ашырбаш керек.